Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:15

420 МИҢ ДОЛЛАРДЫН ДООСУ БОЮНЧА СОТ ФИНАНСИСТТЕРДИ АКТАГАН ЧЕЧИМ ЧЫГАРДЫ


Мамлекет казынасынан 420 миң долларды уурдоого катышы бар деген айып менен сот жообуна тартылып жаткан беш кишинин үстүнөн сот иши аяктады. Биринчи Май райондук соту жасаган иштеринде кылмыш курамы жоктугуна байланыштуу алардын баарын толук актаган чечим кабыл алды.

Биринчи Май райондук сотунун судьясы Эсенжал Абылкасымовдун чыгарган чечими боюнча, Улуттук банктын мурдагы жетекчиси Улан Сарбанов, эсеп палатасынын мурунку жетекчиси Медет Садыркулов, мурдагы каржы министри Султан Медеров, борбордук казыналыктын мурунку жетекчиси Анарбек Сатыбалдиев жана борбордук казыналыктын мурдагы кызматкери Динара Шайдиева күнөөсүз деп табылды жана толук акталды.

Соттун жүйөөсүнө караганда айыпкерлер 420 миң долларды уурдоого катышкан эмес, алар мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн өздөрүнүн ишин аткарышкан, бул каражат Баткендеги согуштук чыгымдар үчүн эмес, башка максатка жумшалаарын билишкен эмес.

1999-жылы Баткен согушунун маалында президент Аскар Акаев менен кошо мамлекеттик казынадан 420 миң долларды уурдоого катышкан деген айып менен ошол тушта финансы тармагында чоң кызматта иштеген беш адамга кылмыш иши козголгон. Соттук териштирүүнүн соңунда мамлекеттик айыптоочу Улан Сарбановду, Медет Садыркуловду жана Султан Медеровду 12 жылга эркинен ажыратууну, ал эми Анарбек Сатыбалдиевди беш жылга, Динара Шайдиеваны эки жылга эркинен ажыратууну сураган. Ошондуктан, мамлекеттик айыптоочу Марат Асранкулов соттун чыгарган чечими менен макул эместигин билдирип, жогорку инстанцияга доо арыз менен кайрыларын айтты:

-Сот тергөөнүн негиздерин жокко чыгарган чечимин кабыл алды. Ага макул болбоо биздин укугубуз. Соттун өкүмүн колубузга алгандан кийин биз жогорку инстанцияга кайрылабыз.

Мурунку бийликтин тушунда соттор бийликтен көз каранды деп айтылчу. Кээ бир саясатчылар бул жагдайда акыбал дагы деле ошол бойдон деген пикирлерин айтып келишет.

“Менин өлкөм” саясий партиясынын жетекчиси Зайнидин Курманов бүгүнкү чечим сот системасынын бийликтен көз карандысыз экендигин далилдеди деген сөзүн айтты:

-Эң акыркы минуталарга чейин бийлик тарабынан басым болобу деген чочулоо менен угуп турдук. Анткени өзүңөр деле көрдүңөр, сот бир жарым саат кечигип башталды. Бирок бул чечимге өтө ыраазымын. Чындык бар экен. Мындан кийин да соттор ушундай көз карандысыз кала берүүсүн каалайм.


Ал эми “Ар-Намыс” партиясынын өкүлү Бөдөш Мамырова соттор дагы деле бийликке көз каранды деген ойдо. Анын айтымында, Биринчи Май райондук сотунун чечими бийлик 29-апрелде боло турган митингдин алдында элдин нааразылыгын күчөтүп алуудан чочулап ушундай чечимге барышы мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG