Владимир Евсеев – Орус Илимдер Академиясындагы дүйнөлүк экономика жана эларалык мамилелер институтунун эларалык коопсуздук боюнча эксперти. «Ушу күндөрү Кошмо Штаттары өзөктүк кубатуулук боюнча Орусияга жаңы келишимди сунуш кылганы жатыптыр» деген кабарды угуп, таң калганы деле байкалбады. Анын ишениминде, бул жолу мындан 10 жыл мурда эле иштеле баштаган келишим жөнүндө кеп болуп жатат. Ал келишимге азырга чейин кол коюла элек.
- Бул келишим Батышта «1,2,3» деген ат менен белгилүү. Ага ылайык, АКШ менен Орусия энергетика жаатында биргелешкен долбоорлорду иштетүүгө мүмкүндүк алышат. Анын негизги максаттарынын бири катарында Орусиянын энергетика базарына жаңы технологияларды киргизүү, аларды иштетүү каралган болчу. Бүгүнкү күнү аталган келишим кайсыл бир деңгээлде өз маанисин жогото баштады десек болот, анткени белгиленген максаттар бул келишимсиз эле орус-америка алакаларындагы эки тараптуу мамилелердин негизинде аткарыла баштады.
Ройтерс таркаткан кабарда «америкалык расмий адамдар ал эмне болгон документ экендиги тууралуу так маалымат беришпегени» көрсөтүлдү. Ошол саясатчылардын сөзү менен айтканда: «Бул - өтө сезимтал маселе жана азырынча конкреттүү тыянак чыгарыла элек». Ошондуктан алар аттарын атабоону суранышкан.
Анткен менен орусиялык эксперт Евсеев: «азыр Вашингтондо жалгыз ушул «1,2,3» деген келишим жөнүндө гана кеп болуп жатат», - деп ишенет. «Анткени жакында айрым америкалык чиновниктер «1,2,3» келишимине ушул жылдын июлунда Санкт-Петербургда өтө турган «Чоң сегиздиктин» саммитинде кол коюлуп калышы мүмкүн» дешкен экен. «Бирок кийин көпчүлүк америкалык эксперттер бул маалыматты четке кага башташты», - дейт Евсеев.
«Кантсе да, аталган келишим эгерде чындап эле жакын арада Москвага сунушталып кала турган болсо, Орусия үчүн ал кызыктуу жана кирешелүү долбоорлорду иштетмек», - дейт аналитик. Анткени кубаттуулук жаатында үчүнчү мамлекеттер менен кеңири кызматташууга көп учурда Кошмо Штатардын уруксаты керек. А эгерде АКШ менен Орусияда «1,2,3» келишими иштей баштаса, бул маселеге чекит коюлмак.
Ошол эле учурда, Орусия бул кадамга барышы деле арсар. «Анткени Иран менен кызматташуу, экономикалык мааниден алып караганда, анча кирешелүү болбогону менен анын «саясий өңүтү» бар дейт.
- 90-жылдардын башында бир топ регионалдык конфликттерди чечүүдө Иран Орусиянын жакын өнөктөшү болуп чыга келди. Бул – ооган маселеси, Тажикстандагы граждандык согушту токтотуу жана Армениядагы окуялар. Мындан сырткары, Иран Түндүк Кавказдагы радикал сунни кыймылдардын ачык көтөрүлүшүн токтото алды жана башка бир топ маселелерди чечүүдө жардам берген. Иран – орус саясатынын Чыгыш багытындагы негизги өнөктөшү катары белгилүү. Бул, албетте, Орусия үчүн маанилүү. Андан сырткары, Орусия мурда Советтер Союзу ээлеп турган таасирди кайра өзүнө кайтарып алууга дилгирленип жатат. Бул үчүн Иран менен кызматташуу керек, өзгөчө, ушул тапта Орусиянын таасири жоголо баштаган Кавказда Ирандын жардамы чоң болушу күтүлүүдө, - дейт эларалык коопсуздук боюнча орусиялык эксперт Владимир Евсеев.