Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:37

Президент оппозиция менен жолугушууга даяр


БИШКЕК. Бул туралуу кечээ президент менен жолугушкан айрым бейөкмөт уюмдардын башчылары бүгүнкү маалымат жыйынында билдиришти. Жолугушууда 29-апрелдеги митингде көтөрүлө турган 10 талап боюнча сөз жүргөн. Мындай жолугушуу болгонун бүгүн «Азаттыкка» президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев да тастыктап, анда митингди уюштуруучулар менен жолугушуу тууралуу сөз болгонун айтты. Ал ошондой эле президенттик админстрациянын коомчулук менен байланыш бөлүмү да штаб мүчөлөрүнө чыгып, президент менен жолугушууга чакырганын, бирок ушул убакытка дейре жооп болбогонун билдирди. Ал эми митингди уюштуруучулардын бири Мелис Эшимканов «Азатыкка» президент тараптан эч кандай расмий чакырык болбогонун билдирди.

XS
SM
MD
LG