Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:48

Иран өзөктүк программасын улантат


Иран Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин талаптарына карабастан уранды байытуу иштерин улантат. Мындай билдирүүнү бүгүн Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад жасады. Ал эми Ирандын өзөктүк мекемесинин жетекчи орун басары Мохаммед Сайеди эгерде Ирандын өзөктүк программасы боюнча маселе Коопсуздук Кеңештен МАГАТЭге өткөрүлүп берилсе, Тегеран өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттигинин эксперттерине Ирандын тийешелүү өзөктүк жайларын текшерүүгө уруксат берээрин да билдирди. Жума күнү МАГАТЭ БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги баяндамасында 28-апрелге чейинки мөөнөттө уранды байытууну токтотуу талабын Тегеран аткарбагандыгын маалымдаган.

XS
SM
MD
LG