Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:29

БШК бүгүн Р. Акматбаевге депутаттык мандат берүү маселесин карайт


БИШКЕК. БШКнын мүчөлөрүнүн бир тобу төрага Туйгуналы Абдраимовго Балыкчы шайлоо округундагы парламенттик шайлоо боюнча бүтүм чыгаруу тууралуу кайрылышкан. БШК төрагасы буга дейре соттук териштирүүлөр бүткөнчө Рысбек Акматбаевге депутаттык мандат берилбестигин билдирген. Парламент депутаты Мелис Эшимканов президенттик администрация БШКнын мүчөлөрүнө басым жасап, аларды тымызын көндүрүп атат деп буга чейин Азаттыкка билдирген. Бүгүн Бишкек шаардык соту Рысбек Акматбаевдин үстүнөн убактылуу токтотулган кылмыш ишти караары да күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG