Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:51

CӨЗ ЭРКИНДИГИ: БАР, ЖОК


Өткөн жылкы бийлик алмашуусунан кийинки Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы кандай? АКШнын «Фридом Хаус» уюму Кыргызстан сөз эркиндиги толук сакталбаган өлкөлөрдүн 136-орунда турганын жарыя кылды. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги «Азаттыктын» өзбек, тажик, түркмөн кызматтарынын кабарчыларын аккредитациялоодон баш тартты.

Кыргызстандагы көз карандысыз маалымдоо каражаттарын колдоого эларалык уюмдар, чет элдик демөөрчүлөр, фонддор жыл сайын 500 миң доллар ашуун акча бөлүшөт. Элдик ыңкылаптан кийин жаңы бийлик өкмөттүк гезиттерди акционерлештирип, анын акцияларынын кыйласын эмгек жамаатына калтыра турганын жарыя кылган. Коомдук телекөрсөтүүнү түзүү жөнүндөгү демилге мамлекеттик телеканал менен катарлаш «ЭлТР» коомдук телекөрсөтүүсүн түзүү менен тамамдалганы турат.

Мамлекеттик маалымдоо каражаттарына өз алдынчалыкты берүү тууралуу мыйзам долбоору жакын арада парламентте талкууланмакчы. Бирок да өкмөттүн мамлекеттик телеканалды колдон чыгарбай, ага кошумча коомдук телекөрсөтүүнү Ош облустук телекөрсөтүүнүн чарбасында түзүү аракети эмдигиче талаш-тартышты чакырып келатат.

- Дүйнөлүк тажрыйбада мамлекеттик телекөрсөтүүнүн катарында коомдук телеберүү уюштурула элек. Ошондон биз КТР коомдук телекөрсөтүүгө айланышы керек деп чыкканбыз. Медиаөкүлчүлүк ушул позициясынан тайбайт. Биздин оюбузча, ЭлТР демократиялык өлкөлөрдө иштеп жаткан коомдук телекөрсөтүүнүн жүгүн аркалай албайт. Айрым кызматтагы адамдар эле аны коомдук телекөрсөтүү болот деп койгондон ал коомдук телекөрсөтүүгө айланып кетпейт. Коомдук телеканалдын иштөө принциби башка, ал өзгөчө принциптер менен уюштурулушу керек,-дейт Медиаөкүлчүлүк институтунун укукчусу Илим Карыпбеков.

Бийликтин алмашуусу маалымдоо каражаттарынын позициясы менен багыттарына олуттуу таасирин тийгизди. Мурда бийликтин кемчиликтерин тартынбай ачык айтып, жазып келаткан биртоп маалымдоо каражаттары кийинки кездери апачык өкмөттүк багытты карманып калды. «Интернюстун» Кыргызстандагы координатору Элвира Сариева өкмөт бир да маалымдоо каражатына өзүнчө акча бөлбөшү керек дейт.

- Базар талаасындагы бардык оюнчулардын шарты бирдей болушу керек. Кайсы бир маалымдоо каражатын мамлекет каржылап, калганын куржалак калтырган учуру болбошу абзел. Өкмөттүк гезиттерди өзүнчө бөлүү туура кадам. Өз алдынчалыкка жеткен өкмөттүк гезиттер жапайы базардын катаал сынына туш келет.

Өкмөттүк маалымдоо каражаттарын өз алдынчалыкка бөлүүнүн механизми кандай болору жаңы мыйзам долбоорунда так көрсөтүлгөн. Бирок да Кыргызстандагы айрым маалымдоо каражаттары өз алдынчалыктан эмитен элe жүрөксүп, мурдагы көнүмүшүнөн чыккысы келбей жатканы деле чындык. Журналист Вячеслав Гончаровдун пикиринде, өкмөттүк гезиттер мурдагы ээсинде эле кала бергени деле туура.

- Менин жеке пикирим, бул көбүнө эле жакшылык алып келбей турган иш. Орусиядагыдай федералдык гезиттер чыккандай эле бизде деле 2 – 3 өкмөттүк гезит болушу керек. Ал мамлекеттин позициясын билдирип турушу керек. Анын жакшы же жаманын окурман өзү тандап алган оң.

Кыргызстанда социализм тушундагыдай цензура – тыюу салуу жок болгону менен журналисттин ички туюму, кендирди кескен каржылык жетишпестик сөз эркиндиги өтөле татаал, толгон-токой шарт -жагдайларга байланган түшүнүк экенин айкындоодо.

Сөз эркиндиги демекчи. Цензурасы жок Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги «Азаттыктын» өзбек кызматынын кабарчылары Абдувахид Хаитов, Барнохан Исакованы, түркмөн кызматынын кабарчысы Огулжан Ражапованы, тажик кызматынын кабарчысы Мирасрор Ахроровду аккредитациялоодон баш тартты. Ушундай демократия.
XS
SM
MD
LG