Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:01

ИРАНДЫН ИШИ ЧАТАК ИШ


Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине бүгүн Иранга байланыштуу резолюциянын долбоору берилет.Кытай өкүлүнүн айтымында, документте Иран дүйнөдөгү тынчтыкка жана эл аралык коопсуздукка коркунуч туудуруп жатканы айтылат,бирок Тегеранга санкциялар жарыялоо тууралуу сунуш жок.

Резолюциянын долбоорун АКШ,Британия жана Германия биргелешип даярдашты. Документтин мазмуну коомчулукка жарыя боло элек, бирок айрым маалыматтарда Иранга катаң мүнөздө,болгондо да Тегеран аткарууга милдеттүү талаптар каралганы айтылат. Мындан бир ай мурдагы – 29-марттагы резолюциянын милдеттүү күчү жок эле. Жаңы резолюциянын долбоорунда Улуттар Уюмунун уставынын 7-статьясына таянуу сунушу бар дешет. Бул жободо эл аралык коопсуздукка коркунуч келтирген өлкөгө каршы санкциялар жана аскери күч колдонуу зарылдыгы айтылган.

Бирок буга Россия менен Кытай каршы болууда. Кытайдын Улуттар Уюмундагы элчиси аталган жобону колдонууда айрым кыйынчылыктар келип чыгарын белгиледи. Россиянын өкүлү да Иранга каршы бул жобону пайдалануунун жүйөөсү жоктугун билдирген эле.

Коопсуздук Кеңешинин туруктуу беш мүчөсү менен Германиянын жогорку даражалуу өкүлдөрүнүн Парижде натыйжасын аяктаган сүйлөшүүлөрүн комментариялап, АКШнын мамлекеттик катчысынын орунбасары Николас Бернс маселени дипломатиялык жол менен чечкенге дале мүмкүнчүлүк бар экенин, бул эки нерсеге багыныңкы болорун белгиледи. Биринчиден,Иран өкмөтү толук масштабда уран байытуу программасын токтотконго даяр экенин далилдеши керек, экинчиден, түбү барып ядролук курал түзүүдөн баш тартууга тийиш.

Иран болсо атомдун кубатын тынчтык максаттарга пайдалануу ниетинен эгерим кайтпай турганынын дембе-дем ырастоодо. Кокус Кошмо Штаттары Иранга кол сала турган болсо, анда Тегеран биринчи кезекте Израилди бутага аларын эскертти. Мындан тышкары Ирандын тышкы иштер министринин ырасмий өкүлү Хамид Реза Асафи АКШны дүйнөгө баскынчылык саясатын таңуулаганга умтулуп жатат деп айыптады. Мындан үч күндөй мурда ал эгер МАГАТЭ Иран маселесин уюмдун өзүндө чечүүгө милдеттенме алса,анда Тегеран бул мекеме менен толук өлчөмдө кызматташарын айткан эле.

АКШнын мамлекеттик катчысынын орунбасары Николас Бернс маалымдагандай, алты өлкөнүн тышкы иштер министрлери эми Нью-Йоркто сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Байкоочулар Коопсуздук Кеңеши Иран чатагы боюнча жакын арада бир жаңсыл чечимге келери кыйын дешет.

XS
SM
MD
LG