Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:27

РЫСБЕК АКМАТБАЕВ ДЕПУТАТПЫ ЖЕ ТАЛАПКЕРБИ?


Рысбек Акматбаевдин саясий тагдыры жакын арада чечилбей турган болду. БШКнын мүчөлөрү Акматбаевге депутат катары каттоо маселесин анын үстүнөн соттук териштирүү аяктагандан кийин кароо жөнүндө чечимге келишти.

3-май күнү Борбордук шайлоо комиссиясы Балыкчы шайлоо аймагынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Рысбек Акматбаевге байланыштуу кезексиз отуруму болуп өттү. Мурунтан күн тартибине коюлган эки маселенин бири-Балыкчы шайлоо окуругундагы шайлоонун жыйынтыгы күн тартибинен алынып салынды. Буга ушул эле күнү Рысбек Акматбаевдин үстүнөн Бишкек шаардык сотунда башталган соттук териштирүү себеп болду.

Ал эми биринчи маселе—Рысбек Акматбаевдин ишенимдүү өкүлү Максат Сыдыковдун кайрылуусу боюнча БШК мүчөлөрүнүн ортосунда кызуу талаш-тартыштар болду. Негизги маселе-Рысбек Акматбаев бүгүн ким? Кандидатпы же депутатпы деген суроого такалды.

БШК мүчөсү Жылдыз Жолдошева Рысбек Акматбаев депутат болбогон соң, анда депутаттыкка талапкер катары укугун жогото элек, деп белгиледи.

Жылдыз Жолдошеванын айтымында, БШК Акматбаев маселесие чечпей, Балыкчы шайлоо аймагынын шайлоочуларынын укугун тебелеп жатат. Бирок анын сөзүнө БШКнын дагы бир мүчөсү Жеңишбек Акматов каршы чыкты. Анын айтымында, бул жерде эч кандай укук бузуу болгон жок:

-Биз Балыкчы шайлоо аймагынын шайлоочуларынын укугун тебелеген жокпуз. Биз Рысбек Акматбаев шайлоочулардан алган 79% добушту кармап отурабыз,- деди Жеңиш Акматов.

БШКнын төрагасы Туйгуналы Абдраимов Акматбаевдин депутаттык тагдырын чечүүгө ага байланыштуу соттук териштирүү жолтоо болуп жаткандыгын билдирди:

-Бул жерде Акматбаев болобу, башка адам болобу, бардыгы мыйзам чегинде болууга тийиш. Мен шайлоо кодексинин негизинде катка жооп бердим. Эгер силер туура эмес деп тапсаңар, анда чогуу чечим кабыл алалы. Акматбаевди депутат катары каттоо боюнча маселени кароону токтотолу деп кабыл алалы. Бирок аны шайлоонун жыйынтыгы боюнча шайланган депутат деп чечим кабыл алууга мен караманча каршымын. Анткени анда шайлоо кодекси бузулат.

БШК Рысбек Акматбаевдин ишенимдүү өкүлү Максат Сыдыковдун кайрылуусуна байланыштуу бир жактуу чечим чыгара алган жок. Ушул тапта Бишкек шаардык сотунда Рысбек Акматбаевдин үстүнөн соттук териштирүү аяктай элек болгондуктан, БШК Рысбек Акматбаевге депутаттык мандат берүү маселесин кароону токтотуу тууралуу чечим кабыл алды.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG