Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

Иракта Ички иштер министрлигинин генералы камакка алынды


Ага көптөгөн адам өлтүрүүлөргө катышы бар деген айптар коюулууда. Ирактын ички иштер министри Баян Жабор “Аль-Жазира” телеканалына берген интервьюсунда маалымдагандай, генерал 17 шектүү адам менен бирге камакка алынды. Азырынча анын ысымы атала элек. Кыйноо менен өлтүрүлгөн дагы 43 адамдын сөөгү жекшембиде Багдадда табылды. Ал эми Багдад менен Кербелдеги жардыруулардан бул күнү 30 адам набыт болуп, 70ке жакыны жараат алды.

XS
SM
MD
LG