Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:30

8-МАЙДАГЫ ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР


1920-жылдын 8-майында Түрккомиссия, Элдик комиссарлар Совети, ТүркЦИК жана Аткаруу комитети менен Аткаруу бюронун биргелешкен жыйынында “кыргыз маселеси” боюнча атайын токтом кабыл алынган.

1920-жылдын 8-майында Түрккомиссия, Элдик комиссарлар Совети, ТүркЦИК жана Аткаруу комитети менен Аткаруу бюронун биргелешкен жыйынында “кыргыз маселеси” боюнча атайын токтом кабыл алынган. Анда Жети-Суудагы кулактардын ашкере таасирин жоюу, тамак аш проблемасын чечүү, маданий-агартуу чараларын жүзөгө ашыруу сыяктуу олуттуу маселелер каралган.

1973-жылы бул күндөрү эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбеков Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы Т. Усубалиев менен экинчи катчы Тартышевге кат менен кайрылган. Катта кыргыз адабиятынын абалы, улуттук колориттен айрылган Фрунзе шаарынын архитектурасы, кыргыз тарыхы жана эне тил көйгөйлөрү көтөрүлөт. Атактуу жазуучу ошол кездеги партиялык диктатка карабастан улут безерлерге жана чагымчылдарга каршы чара көрүү сыяктуу олуттуу маселелерди кабыргасынан койгон.

2003-жылдын 8-майында Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу пасхалык Ырайым от Бишкек шаарына алынып келди.

8-май Кызыл крест жана Кызыл жарым ай күнү катары белгиленет. Ал 1828-жылы жарык дүйнөгө келген швейцариялык гуманист Анри Дюнандын урматына коюлган. Анри Дюнан согушта жаракат алгандарга жардам берүү демилесин көтөрүп, айланасына бир канча ыктыярдуу адамдар тобун топтой алган. 1863-жылы анын чакырыгы боюнча конференция уюштурулуп, ал жыйында Кызыл крест уюму уюушулган. Кызыл крест жана Кызыл жарым ай уюмдры Советтер Союзунда 1925-жылы курулуп, анын ишкердиги Кыргызстан аймагына да тараган. Эгемен Кыргызстанда азыр аталган уюмдар кайрымдуулук программаларын жүзөгө ашырышып, миңдеген адамдар алардын камкор кайрымдуулугуна иш жүзүндө күбө болуп келишет.

8-май Европа өлкөлөрүндө фашизмден кутулуу күнү катары белгиленет. Фашисттик Германия ортоңку Европа убактысы боюнча 8-май күнү 23 саат 01 минутада толук капитуляцияланган. Ал эми бул маалда СССРдин аймагында 9-май күнү келгендигине байланыштуу Жеңиш күнү 9-май майрамдалып калган.
XS
SM
MD
LG