Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:23

АКШ ДАРФУРГА АКТИВДҮҮ ЖАРДАМДАШАТ


Бүгүн Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Кондализа Райс сөз сүйлөйт. Президент Жорж Буштун тапшырмасына ылайык, ал кеңешти Суданга эл аралык бейпилдик күчтөрүн жөнөтүү ишин тездетүүгө чакырат.

Президент Буш кечээ Ак үйдө сүйлөгөн сөзүндө Суданда жакында жетишилген тынчтык келишимин кубаттады. Ошону менен бирге ал азырынча эң башкы максат аткарылбай жатканын - миллиондогон качкындар өз жерине кайтарыла электигин белгиледи.

Дарфурдагы куралдуу жаңжалдан болжол менен 180 миңден ашуун киши кырылып, эки миллиондой адам качкынга айланды. Аларга азык-түлүк жактан чукул жардам көрсөтүү максатында президент Буш конгресстен 225 миллион доллар каражат бөлүүнү суранды. Дарфурлук качкындарга кырк миң тонна дан азыктары жөнөтүлөт.

АКШ Судандагы арачылык иштерди активдештиргени мамлекеттик катчынын орунбасары Роберт Зелликти жакында регионго жиберген эле. Ал жаңы эле Дарфурдан Вашингтонго кайтып барды.

Дарфурга азыр Африка союзунун 7200дөй аскери жайгаштырылган. Президент Буш алар провинцияда маанилүү озуйпа аткарып жатканын айтып, бирок кошумча күчтөр керектигин, ушундан улам Суданга Улуттар Уюмунун мандаты менен эл аралык бейпилдик контингентин жайгаштыруу ишин тездетүү зарылдыгын эске салды. Коопсуздук Кеңешин мамлекеттик катчы Кондализа Райс бүгүн дал ушуга чакырмакчы.

Дарфурга азыр жада калса гуманитардык жардам жеткиргенге да мүмкүндүк жок. Дарфурду көз көрүнө муунтуп,өлтүрүп жатышат, деп билдирди ООНдун өкүлү Ян Эгеланд. Кофи Ананн бейпилдик операциясын даярдоо үчүн Улуттар Уюмунун өкүлдөрүнө өлкөгө тоскоолдуксуз кирип-чыкканга шарт түзүүнү жакында Судан бийликтеринен суранган эле. Жорж Буш да бу маселеге атайын токтолуп, Судандын өкмөтү Улуттар Уюмунун бардык мекемелеринин кенен-кесир иштешин камсыз кылууга тийиш экенин айтты. Буш жагдайды Судандын президенти Омар ал-Башир менен телефондо талкуулаганын кошумчалады.

Дүйшөмбү күнү Калмадагы качкындар лагеринде тополоң чыгып, Улуттар Уюмунун атайын өкүлү Ян Эгеланд райондон кеткенге аргасыз болду. Хартумдагы сүйлөшүүлөрдө да азырынча жылыштар жок. Судан боштондук армиясы өкмөт менен тынчтык келишимге кол койду. Козголоңчулардын калган эки тобу жарашкандан баш тартууда.

XS
SM
MD
LG