Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:51

ЦРУнун БАШЧЫЛЫГЫНА ХАЙДЭН КӨРСӨТҮЛДҮ


АКШ президенти Жорж Буш генерал Майкл Хайдэнди ЦРУнун директорлук кызматына көрсөттү. Анын кандидатурасын эми сенат бекитүүгө тийиш. Азырынча бир катар мыйзамгерлер, алардын ичинде республикалык партиянын таасирдүү өкүлдөрү да Буштун бул чечимин жактырбай жатышат.

Президент Буш кечээ Майкл Хайдэнди тааныштырып жатып, анын чалгындоо мекемелеринде жыйырма жылдай иштегенин, алты жыл улуттук коопсуздук агенттигине директор болгонун белгиледи. Хайдэн азыр ЦРУнун директорунун орунбасары. Улуттук коопсуздук маселелери боюнча кеңешчи Стивен Хэдли генералды ЦРУнун директору болгонго бирден-бир татыктуу талапкер катары сыпаттады.

Конгресстин бир катар мүчөлөрү башкача пикирде. Алар негизинен эки жүйөө айтып жатышат. Биринчиден, ЦРУ жарандык мекемеге кирет. Эгер аны аскери адам башкарса,анда ЦРУ толугу менен Пентагондун жетегинде калышы ыктымал дешет. Экинчиден, ЦРУ көптөн бери америкалыктардын телефондо сүйлөшкөн сөздөрүн тымызын тыңшап, алардын кат-кабарларын текшерип турганы жакында билинип калып, чоң жаңжал чыккан. Бу идеяны кезинде президент Бушка дал ушул генерал Хайдэн сунуш кылган экен.

Ушунун баарын эске салып, демократтардын өкүлдөр палатасындагы лидери Нэнси Пелоси генерал Хайдэндин талапкерлиги аны абдан кооптондуруп жатканын айтты. Анын үстүнө, Пелосинин айтымында, аскери мекемелер менен коопсуздук кызматтары ортосунда азыр катаң кармаш жүрүп жатат. “Ушундай шартта генерал адам кантип ЦРУну жетектейт, мен буга түшүнбөйм”, - деп айтты Пелоси. Сенатор-демократ Жозеф Байден да ушундай пикирин билдирди.

Генералдын кандидатурасына кала бесе республикачыл партиянын өкүлдөрү да каршы чыгышты. Алардын бири, конгрессмен Питер Хекстра ЦРУнун директору болгонго Хайдэн бардык жагынан жарабайт деп кесе айтты.

Байкоочулардын айтымында, сенаттагы талкуулар маалында Хайдэнге оңой болбойт шекилди. Сенаторлор баарыдан мурда Хайдэндин телефондогу сөздөрдү тыңшоо,кат-кабарларды текшерүү идеясына байланыштуу ага бир катар оңтойсуз суроолорду берери шексиз. Ошентсе да республикачыл сенатор Жон Маккэйн генералдын ЦРУнун директорлугуна бекитилерине ишеничин билдирди.

XS
SM
MD
LG