Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:30

ОШ : АРДAГЕРЛЕР КАТАРЫ СУЮЛУП БАРАТ


Кубанычбек Жолдошев, Ош 9-май күнү өлкөнүн Түштүк борбору аталган Ош шаарында да Жеңиш салтанаты жана аскер парады болуп өттү. Салтанаттын жүрүшүндө мурдагы жылдан айырмаланып Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын катары өтө эле суюлуп кеткендиги байкалды.

Ош шаарынын борбордук аянтына согуш ардагерлери аскер автоунаалар менен келишип, алгачкылардан болуп параддан өтүштү. Бул күнгө карата Ош облусу боюнча 912, Ош шаары боюнча 197 гана Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу калган.

Ош облусунун губернаторунун маалымат катчысы Алишер Токсонбаев бир эле жылда 260 согуш ардагери кайтыш болгондугун белгилеп өттү.

Карасуулук согуш ардагери Сайпидин Жоробековдун айтымында, мамлекет тарабынан аларды социалдык камсыздоонун деңгээли төмөн болуп жатат.

- Союз таркагандан бери бул маселе каралбай калды. Эмне деп сурасаң, бул менин менчигим дешет. Бизге окшогондор ачка калды. Жеңиштин 60-жылдыгына элчилик чакырды, үч облустан 25 ардагер гана калыптырбыз. Андан бери эки жыл өттү, канчасы каза болду ким билет?- деди согуш ардагери.

Улуу Жеңиштин 61-жылдыгынын урматына карата Ош аскер гарнизонунун, облустук жана шаaрдык ички иштер башкармалыктарынын өздүк курамынын кызматкерлери параддан өтүштү.

Жеңиш майрамы менен куттуктаган Ош шаарынын мэри Жумадыл Исаков согуш ардагерлеринин социалдык камсыздоо талаптарына мындайча токтолуп өттү:

- Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине биз өмүр бою карызбыз. Ардагерлердин өмүрүнүн аягына чейин социалдык камсыздоону төлөп берүү бул биздин парзыбыз. Биз мунун үстүндө иштеп жатабыз.

Майрмдык салтанат согуш ардагерлери үчүн аскердин тала ашканасын уюштуруу менен аяктады.

XS
SM
MD
LG