Заводдун директору Султан Табалдиев баш болгон үч жүздөй адам бүгүн нааразылык акциясына чыгып, ишканага тиешелүү имаратты кайтарып берүүнү талап кылышты. Директордун айтымына караганда, ижарачылар үч жылдан бери заводко тиешелүү имаратты соттун чечимине карабай кайтарып бербей жатат. Митингиге чыккандардын өкүлдөрү менен Бишкек шаардык прокурору Учкун Каримов жолугушуп, маселени иликтөө боюнча атайын комиссия түзүлөөрүн билдирди.