Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 01:05

ООГАНСТАНДА ТАЛИПТЕР ЭКИ ШААРГА КОЛ САЛЫШТЫ


Ооганстандын эки провинциясында – Гилмендде жана Кандагарда өткөн түнү айгышкан уруштар болуп өттү. Муса-Кала шаарындагы кагылыштар таңга чейин уланды. Эки тараптан окко учкандар саны элүүдөн ашты. Жергиликтүү бийликтер талиптердин режими кулагандан бери алар мынчалык калың кол менен уруш салган учурлар боло элек эле дешет.

Муса-Каладагы уруштарга, айрым маалыматтарга караганда, талиптердин жүздөн ашуун лашкерлери катышты. Алар негизинен шаардагы полиция мекемесин жана бийлик имараттарын басып алганга аракеттеништи. Уруштар түнү бою уланып, таңга жуук барып басылды. Козголоңчулар кырктан ашуун лашкерин, полиция – он үч кызматкерин жоготту.

Кандагардагы кагылыштар да кыйлага созулду. “Азаттыктын” кабарчысы Парвиз Нажиб билдиргендей, уруштар шаарга жуук жерде болду. Коалициялык күчтөрдөн канадалык бир аскери аял мерт болду. Талиптерден он сегиз лашкер окко учту, отуз беши туткунга алынды. Уруш болгон районду америкалык жана британдык аскери авиация көнөктөтө бомбалап чыкты.

Ал эми бейшемби күнү Гератта террорист-жанкечти дүрмөттөлгөн машинасына жарылып өлдү. Шаардык полициянын башчысы окуя эрте мененки саат тогузда, америкалык автокербен өтүп бараткан учурда болгонун, америкалыктардан бир киши - мамлекеттик департаменттин кызматчысы мерт кеткенин ырастады.

"Талибандын” мурдагы мүчөсү, азыр Кабулда коопсуздук борборунун эксперти болуп иштеп жаткан Вахид Мозде быйыл мартта талиптердин лидери Омар молдо күн жылымтыктар замат козголоңчулар масштабдуу аракеттерге өтөрүн билдирген эле дейт. Ошол эле учурда Мозде кооп-козголоңдун күч алышына коалициянын айрым аракеттери да шыкакчы болуп жатканын белгиледи. Жаңылып-жазыппы, же атайлаппы, айтор, жайкын калкты бомбалаган, сот-сураксыз ондогон кишилерди абактарда кармаган учурлар көп болду, мындай калпыс иштери үчүн кечирим да сурашкан жок. Уламалар кеңеши бул тууралуу көп ирет айтып, мунун арты калк ичинде нааразылыкты күчөтөрүн,талиптердин тарапкерлерин көбөйтөрүн экскерткен эле, дейт Мозде.

XS
SM
MD
LG