Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:45

Талибдер жетекчисинин орун басары кармалганы тууралуу маалымат такталбай жатат


Айрым маалыматтар боюнча, Ооганстандын Кандагар шаарында 17-май күнү Талибан кыймылынын жетекчилеринин бири Мулла Дадулла колго түшкөн, бирок кийинки кабарлар аны тактабай жатат. Дадулла Молдо Омардын орун басары болчу. Анын кармалганы тууралуу алгач ооган аскерий күчтөрүнүн түштүк бөлүгүнүн башчысы генерал Рахматулла Рауфи 19-май күнү жарыялады. Америкалык аскерий жетекчилик болсо аны тактабай жатат. 17- жана 18-май күндөрү Кандагар аймагындагы оор салгылашууда 120 адам курман болуп, ондогон лашкер колго түшкөн.

XS
SM
MD
LG