Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:39

АСКЕРДИК САЛТАНАТ ЖАНА ОППОЗИЦИЯ МИТИНГИСИ БИР КҮНДӨ, БИР ЖЕРДЕ..


Коргоо министрлиги май айындагы аскердик майрамдарга карата 27-май күнү Алатоо аянтында чоң салтанат өткөрүүгө даярдык көрүүдө. Дал ушул күнү ушул эле аянтта көп адам катышкан ири митинг өткөрөрүн оппозициялык күчтөр мурдатан эле жар салып келатышкан. Ошол себептүү, митинг өткөрүүгө тоскоолдук жасоо үчүн борбордук аянтка атайын аскердик салтанат уюштурууда деп оппозиция өкүлдөрү бийликти сынга алышууда.

27-май күнү митинг болору тууралуу оппозиция 29-апрелде өткөн митинг учурунда эле билдирген эле. Митингдин уюштуруучулары так ушул күнү Алатоо аянтында аскердик салтанат өткөрүү демилгеси бийликтин оппозицияга жасаган каршы кадамы деп эсептешүүдө. ЖК депутаты Мелис Эшимкановдун айтымында, түрдүү тоскоолдуктарга карабай, митинг баары бир өтөт:

-Менин билишимче алар алгач 29 же 30-майга даярдап жатышкан. Билбейм эми, кеңешип, талкуулап көрөбүз да. Дагы деле болсо чатак, дагы деле болсо туңгуюк кырдаал. Бирок 27-майда митинг өткөрүү максатыбыздан кайтпайбыз.

Кыргызстандын календары боюнча, 28-май чегарачылардын, 29-май куралдуу күчтөрдүн күнү болуп саналат. Коргоо министри Исмаил Исаков бүгүн болгон маалымат жыйынында бул эки майрамды алдын ала бир күндө белгилөө максатында 27-майда майрамдоо февраль айында эле пландаштырылган иш экенин белгиледи. Коргоо министри аскердик салтанат оппозиция тарабынан өткөрүлүүчү митингге каршы атайын уюштурулуп жатат деген пикирлерди четке какты:

-Май айындагы аскердик кесиптик майрамдарды чогуу 27-май, ишемби күнү белгилөө тууралуу биз 23-февралда эле пландаштырганбыз. Майрам бир жылда бир эле жолу болот. Ал эми оппозиция митингди башка күндөрү деле өткөрө беришсе болот.

Генерал Исаков мындай митингдер тынбай өткөрүлүп, өлкөдө кырдаал тынчыбай турган болсо, Кыргызстан террористтер үчүн ыңгайлуу аймак бойдон кала бериши мүмкүн деп кошумчалады.

Ал эми маалымат жыйынына катышып отурган ички иштер министри Мурат Суталинов тартип коргоо органдары тарабынан эч кандай күч колдонуу болбой турганын билдирди.

Айрым саясатчылар эки тарап бири-бири менен ымалага келип, салтанатты жана митингди эки башка күнү өткөрүүгө болот эле деген пикирлерин айтышса, кээ бирөөлөр Кыргызстандын борборунда аскердик салатанат да, нааразылык митинг да өткөрө турган аянттар жетиштүү деген ойдо.

-Эгер мурда эле чечилип калган нерсе болсо, анда бул башка нерсе. Эгер андай болбосо, анда бул туура эмес чечим. Бирок, менимче Бишкекте Алатоо аянтына альтернатива болуучу аянттар көп. Алсак, Жеңиш аянты, эски аянт бар. Башкача айтканда, мындай ыкма менен митингди токтотууга мүмкүн эмес,- дейт ЖК төрагасы Марат Султанов.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG