Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:36

ООГАНСТАНДАГЫ КАГЫЛЫШУУДАН КӨПТӨГӨН КАРАПАЙЫМ АДАМ КУРМАН БОЛДУ


Нарын АЙЫП, Прага 22-май күнү таң эрте менен Ооганстандагы эл аралык аскерлер Кандагар провинциясындагы Панжваи деген аймакты оор бомбалоого алды. Америкалык аскерий жетекчиликтин эсебинде, элүүдөн ашык лашкер өлтүрүлдү, бирок күбөлөрдүн айтымында, өлгөндөрдүн арасында карапайым адамдар да арбын.

Ооганстандагы эл аралык аскерлердин өкүлү майор Скотт Ланди 22-май күнү Кабул шаарында журналисттерге билдиргенге караганда, түн ичинде Кандагар провинциясынын Панжваи аймагындагы Азизи деген айыл бомбаланган, анткени ал жерде Талибан кыймылынын көптөгөн жоокери чогулган. Бомбалоонун найтыжасында элүүдөн ашык лашкер өлтүрүлдү.

Анткен менен "Франс пресс" агенттигинин кабарчысы күбөлөрдүн билдиргенине таянып кабарлаганга караганда, жарадар болгон бир нече карапайым адам дагы жергиликтүү ооруканага жеткирилди. "Азаттыктын" Кандагар шаарындагы кабарчысы Жавед Ахмад Вафа дагы ооруканага барып, доктурлар менен жолукту: "Жарадар болгондордун арасында жергиликтүү тургундар да бар. Кандагар шаарындагы Мирваис деген ооруканага 15 адам алып келинген. Доктурлардын айтымында, алардын арасында аялдар жана балдар да бар жана алардын айрымдары оор жараат алган", - деп кабарлайт Жавед Ахмад Вафа.

Окуяга күбө болгондордун билдиргенине караганда, кеминде 35 жергиликтүү адам курман болгон. Майор Ландинин айтымында, мындай кабарлар келгенден кийин америкалык жетекчилик атайын иликтөө баштады. Провинциянын акими Асадулла Халиддин кабарына караганда болсо, өлгөндөрдүн саны алтымышка жетет.

Күбөлөрдүн айтымында, Азизи айылы менен кошо анын жанындагы Толокан деген айыл дагы бомбаланган, ал кошуна Гелманд провинциясынын чек арасында жайгашат. Акыркы бир нече апта ичинде талибдер чек арага топтолгон жана түн ичинде бомбалоо башталганда, алардын көпчүлүгү жергиликтүү медресе менен кошуна үйлөргө кире качкан жана америкалык тик учмалар ошол үйлөргө дагы бомбалык сокку урган.

Аймактагы салгылашуулар 17-май күнү башталган, америкалык тараптын маалыматы боюнча, ал жерде талибдердин бир нече аскерий түйүнү болгон. 18-май күнү дагы ошол эле Азизи деген айыл бомбаланган жана америкалык тараптын айтымында, ал жолу жыйырмага жакын лашкер өлтүрүлгөн.

Салгылашуулар кийин Кандагар шаарынын өзүнүн алдында да уланган жана канадалык аскерлердин өкүлүнүн айтымында, ал кагылышууда дагы 18 адам өлтүрүлгөн, алардын ичинде бир канадалык аскер айым дагы курман болгон. Отузга жакын лашкер колго түштү. Бардыгы болуп болсо 17-майдан бери эки жүзгө жакын жакын адам набыт кетти, алардын ичинде бир канадалык, бир америкалык жана дагы эки франциялык жаран курман болду.

XS
SM
MD
LG