Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:37

МУНАПЫС УЮМУНУН КЕЗЕКТЕГИ ДОКЛАДЫ


Эл аралык мунапыс уюму дүйнөдөгү адам укуктарынын абалы тууралуу бүгүн кезектеги жылдык докладын жарыялады. Документте КМШ өлкөлөрүнөн Россияда расалык маанай жайылып баратканына айрыкча тынчсыздануу айтылат. Мындан тышкары докладда Белоруссия, Азербайжан,Украина жана Грузия да адам укуктарынын айрым бир өңүттөрү жагынан сынга алынган.

Мунапыс уюмунун эсептерине караганда,былтыр Россияда 28 киши расалык кусаматчылыктын курмандыгы болду, 365 адам токмок жеп, жабыркады же ыдык көрдү. Түсү жана тили бурууларды, тейи менен теги бөлөктөрдү өгөйлөп, көзүнүн төбөсү менен караган маанай орус коомунда кеңири жайылып баратат, деп айтылат документте. Буга кошумчалап Amnesty Internationalдын баш катчысы Ирэн Хан орус бийликтери бейөкмөттүк уюмдардын иштерин чектеп, укук коргоочулар менен журналисттерге тоскун-тоскоолдорду түзүп жатканын бөлүп көрсөттү.

Уюмдун өкүлү Жудит Арена ошону менен бирге орус өкмөтү оң маанидеги айрым кадамдарды жасап жатканын, атап айтканда, президент Путиндин жакындагы жылдык кайрылуусунда расизм коомдук башкы проблемалардын бири катары аталганын да белгиледи.

Докладда Белоруссия менен Азербайжан оппозициядагы саясатчылардын сары изине түшүп, аларды кодулап, куугунтуктап жатканы үчүн сынга алынган. Белоруссияда президенттик шайлоодо Лукашенкого оппозициядан атаандаш болгон эки саясатчы, алардын айрым бир тарапкерлери он-он беш суткадан абакка отуруп чыгышты.

Мунапыс уюму Украинада жана Грузияда тергөө-сурак учурларында бир топ ырайымсыз ыкмалар колдонулат деп эсептейт. Мисалы,Грузияда суракка алынгандарга аба өтпөс целлофан мүшөк кийгизип, деми буулганча кармашат, болот зым менен сабашат. Уюмдун өкүлү Жудит Арена адамгерчиликсиз мындай ыкмаларды колдонууну токтотуу үчүн грузин бийликтери көрүп жаткан аракеттердин жетишсиздигин эскертти. Жогортон чыккан ишааралар төмөнкү деңгээлдеги кызмат адамдарына жетпей жатат, алар мурдагыдай эле айыпкер делингендерди кыйнап, азар көрсөтүүдө.

Сүрөттө : Түсү жана тили бурууларды, теги бөлөктөрдү жерип, өлтүрө сабап коюп жаткан такыр баштар кыймылы Россияда күчөп баратат.

XS
SM
MD
LG