Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:04

ШЕРИКТЕШТИКТИН ТӨРТ ӨЛКӨСҮ ДЕМОКРАТИЯ МЕНЕН ЭКОНОМИКАНЫ ЭРИШ-АРКАК ӨНҮКТҮРҮҮ ЖОЛУНА ТҮШҮҮДӨ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Бүгүн Киевде Азербайжан, Грузия, Молдова жана Украина саммити өз ишин аяктайт. Анын катышуучулары буга дейре ГУАМ аталышта айтылып келаткан атын «Демократия жана өнүгүү үчүн уюму» кылып өзгөртүп ага эл аралык сыпат беришкен. Саммит учурунда олуттуу кеп энергетикалык чөйрөдөгү кызматташтык жана аймактык кагылыштарды кантип басуу тууралуу болгон.

Бүгүн Киевде төрт өлкөнүн саммити өтүп атат. Ага президенттер Виктор Ющенко, Михаил Саакашвили, Ильхам Алиев жана Владимир Воронин катышып атышат.

Орусиялык анализчилер аны «төртөөнүн Европалык Биримдик менен НАТОну карай ыкташы» деп аташты. Чынында эле Тбилиси менен Киев буга дейре КМШ натыйжасыз уюм деп келатышкан. Ал тургай анын катарынан чыгуу кебин да козгошкон. ГУАМ мурдагы советтер өлкөсүнүн кыйрандысынан кайра жаралган мамлекеттер бир даарысынан 1997-жылы уюшулган жана былтырга дейре ага Өзбекстан да мүчө болуучу.

Саммиттин ишин талдагандар айтканга караганда, бул жыйындын башкы жыйынтыгы – төрт өлкө биригип, толук кандуу эл аралык уюм түзүү болуп саналат. Ошондой эле аларда "Демократия жана өнүгүү үчүн» деп жаңыдан аталган уюмду мурдагы советтик мейкиндик чегинде КМШ жаатына тең келер эл аралык түзүлүшкө айлантуу дымагы бар дешет.

Уюмдун башкы максаты демократия менен экономиканы өнүктүрүү болорун кечээ «Азаттыктын» кабарчысына айткан жообунда украиналык саясатчы Сергей Таран белгилеген. Анын айтымында, төрт өлкө алакасын арттыруу аркылуу биргелешкен энергетикалык долбоорлор менен эркин соода зоналарын түзүүгө болот.

-Украина ГУАМ уюмун КМШ алкагындагы экономикалык байланыштагы топ деп эсептейт,- дейт Таран мырза.-Шериктештикте экономикалык эркин зона түзөлү деп Киев канча жолу сунуш киргизсе, аны Орусия улам бир саясий талап менен тыйып коюп аткан. Эми ошол максат ишке ашканы турат.

ГУАМ уюмунун демилгесин Шериктештик ымаласына урулчу сокку катары баалап Мамдума депутаты Константин Затулин кечээ орусиялык агенттиктер аркылуу сынга алды. «ГУАМ уюмуна кирген өлкөлөрдүн экономикалык абалы өзүн өзү камсыз кыла алгыc ченде, ошондуктан Орусиясыз алар эч нерсе жасай алышпайт»,- деген пикир айткан.

Чын эле Грузия, Украина жана Молдова көгүлтүр отунду Орусиядан алып жагышат. Кара майды четке чыгарып марып аткан Азербайжан да көгүлтүр отунду Орусиядан алып жагат.

Украинанын тышкы иштер министири Борис Тарасюк айтканга караганда, «Бул уюм кимдир бирөөгө каршы уюштурулуп аткан жок. ГУАМ уюму бирдей көз караш, бирдей кызыкчылыктагы өлкөлөр биримдиги. Ал өз кызыкчылыгын турмушка ашырууну көздөп атат».

Анализчилер Кремл жаңы түзүлүштөн саясий шаани көрүп чочулап атканын айтышат. Баса, Орусиянын президенти мурдараакта эл алдында ушундай чочулоо бар экенин да ачык айткан эле:

«Эң коркунучтуусу – бир туруп «саргыч», бир туруп «көгүлтүр» ыңкылаптарды үзбөй чыгара берүчү системаны уюштурулушу»,- деген эле Владимир Путин.

Бүгүн олтуруму аяктап аткан Киевдеги саммитке төрт өлкө жетекчилеринен сырткары Литванын президенти Валдас Адамкус катышып атат. Ал эми мурунку күнү Польшанын президенти Лех Качиньский келип кеткен экен. Саммитке ошондой эле Батыш өлкөлөрүнөн, Казакстан жана Орусиядан өкүлдөр катышып атканы дайын болууда.

XS
SM
MD
LG