Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:27

АЗАМАТ АЛТАЙ ДҮЙНӨДӨН КАЙТТЫ


Азамат Алтай (Кудайберген Кожомбердиев).
Азамат Алтай (Кудайберген Кожомбердиев).

Устатыбыз Азамат Алтай 23-майда узакка созулган оорудан кийин Нью-Йорк шаарындагы ооруканада дүйнөдөн кайтты. Ал «Азаттык» үналгысынын башатында турду жана бүткүл өмүрүн Кыргызстандагы жана Борбордук Азиядагы сөз жана басма сөз эркиндигине, жалпы эле аймактагы демократиялык жараянга арнады.

Азамат Алтай (Кудайберген Кожомбердиев) 1920-жылы 15-сентябрда Ысыккөл облусуна караштуу Тоң районунда Кызылчек айылында туулган. 15 жашында Түп районундагы зооветтехникумда окуп келгенден кийин комсомолдун Тоң райондук комитетинде жаш муундарды тарбиялоо бөлүмүндө иштеп жүрүп, 1940-жылы аскерге кеткен. Улуу Ата мекендик согуш маалында, 1941-жылы Литвада туткунга түшүп, уруш аяктаганга чейин фашисттик концлагерде болгон. 1945-жылы Батыш ынтымагынын аскерлери тарабынан боштондукка чыгарылып, Батыш Европада туруп калган.

Тактап кетүү зарыл болгон жагдай – Кудайберген Кожомбердиев эч качан «Түркстан легионунда» кызмат кылган эмес. Айрым мезгилдүү басма сөздөгү аны алиги легион менен байланыштырган маалыматтар дареккке негизденбеген, чындыкка таптакыр коошпогон жоромол болуп саналат.

Кудайберген Кожомбердиев 1940-жылдардын аягында Батыш Европада жашап калган Борбор Азиялык бозгундардын «Түрк эли» уюмунун ишмердигине активдүү катышкан. «Түрк эли» уюму Борбор Азиядагы советтик жумурияттардын көз карандысыздыгы, өз келечегин өзү аныктоо укугу, демократиялык болочогу үчүн күрөшүү максатын көздөгөн.

Ошол жылдары ал Мюнхенде кыргыз, казак, орус, өзбек, түркмөн тилинде чыккан «Түрк эли» журналына кыргыздардын тарыхы, маданияты, советтик бийликтен запкы жеген кыргыз жазуучу, илимпоздору жөнүндө макалалар жазып турган. Батышта бозгунчулукта өмүр сүрүүгө аргасыз болгон белгилүү орусиялык диссидент Александр Керенский, окумуштуу Александр Беннигсен жана башка интеллектуалдар менен тыгыз байланышып турган.

Кудайберген Кожомбердиев 1950-жылдардан тартып Франция, Германия, Америкада кыргыздардын тарыхын, маданият-салтын изилдеген окумуштууларга жардам көрсөтүп, кыргызча булактарды англисчеге которуп, жалпы Батыштагы Борбордук Азиялык элдерге тийиштүү адабиятты жалпылап, чоң каталог түзүүгө катышкан.

1953-жылы ал башкеңсеси Мүнхенде жайгашкан «Азаттык» үналгысына (азыркы «Эркин Европа-Азаттык» үналгысынын Кыргыз кызматына) ишке кирип, 18-мартта туңгуч кыргызча берүүнү обого чыгарган.

Бир аз убакыттан соң ал Нью-Йоркко кетип, Колумбия университетинин китепканасынын түркология бөлүмүндө иштеп калат. Ошондо да ал «Азаттык» менен тыгыз кызматташкан.

Ошондон тарта 40 жылга чамалаш өмүрү «Азаттыкка» арналды. Кыргыз кызматынын үзгүлтүксүз иштеп турушуна, чет өлкөлөрдө жашап калган кыргыз жаштарын бул кызматка тартууга чоң салым кошту.

1960-жылы ал Азамат Алтай деген ысымды алган. «Алтай» сөзү аркылуу кыргыздын тарыхый тамырын Алатоо менен чектебестен, Алтай, Энесай менен да байланыштыргысы келсе, «Азамат» сөзү аркылуу эл-жерине карата атуулдук сезимин чагылдырган.

Азамат Алтайдын тарых менен адабиятка болгон кызыгуусу өтө зор болгондуктан, ал тээ 1920-жылдардан бери Кыргызстанда чыккан гезит-журналдарды почта аркылуу АКШга алдырып, илимий китепканага чогултуп келген. Кыргыз адабиятына кызыккан Батыштык изилдөөчүлөр окусун деп, Касым Тыныстановдун китебин кириллицадан латын арибине которуп жазып чыккан. Бул китепти азыр АКШдагы Колумбия университетинен таап окуса болот.

Париждеги басылманын өтүнүчү боюнча 1970-жылдары Библияны алгачкылардан болуп «Ыйык инжил китеби» деген аталышта кыргызчага которгон, бул ишке 10 жылдан ашуун эмгеги кеткен.

Совет доорунда «Азаттык» үналгысы (Эркин Европа-Азаттык үналгысынын Кыргыз кызматы) өз берүүлөрү бүт дүйнө жүзүнө тараган кыргыз тилиндеги көзгө басар объективдүү маалымат каражаты болгонун эске алсак, Азамат Алтайдын Кыргыз кызматынын кабарчысы жана директору (1984-1988) катары кошкон салымы залкар баага арзыйт.

Азамат Алтай 1988-жылы пенсияга чыгып, ошондон бери Нью-Йоркто жашап келди. 1995-жылы 24-августтан 11-сентябрга чейин эгемен Кыргызстанга сый конок катары келип, "Манас" дастанынын мааракесине катышты, Түгөлбай Сыдыкбеков, Кусейин Карасаев, Жусуп Мамай сыяктуу кыргыз залкарлары менен жолукту.

Ал өзү 1950-жылдардан бери кыргыздын тарыхы, маданияты, адабияты боюнча чогулткан архивинин бир бөлүгүн 1995-жылы Кыргызстандагы Жалалабат университетине тартуулады. Кийинчерээк Жалалабат университетинде Азамат Алтайдын бурчу ачылды. Ушул тапта андагы студенттер чет өлкөдө жашаган мекендешинин өз эли үчүн жандилинен жасаган эмгегине күбө боло алышат.

Азамат Алтай 1995-жылдан тарта Жалалабат менен Караколдогу университеттердин мыкты окуган студенттерине жеке өзүнүн атынан жыл сайын 500 доллардан сыйлык берип келди.

Ал Кыргызстандагы саясий жараянга дайыма калыс баасын берип келген публицист катары тарыхта калмакчы.

«Азаттык» үналгысынын негиздөөчүсү, Кыргызстандагы демократиялык жараянга бараандуу салым кошкон коомдук ишмер Азамат Алтай рак оорусунун айынан 2006-жылы 23-майда Нью-Йорк убактысы боюнча таңкы саат 06:25те дүйнөдөн кайтты. Анын сөөгү, өзүнүн керээзине ылайык, маркум жубайы Сания апанын кабырынын жанына коюлмакчы. Маркумду акыркы сапарга узатуу расмысы Нью-Йоркто жекшемби күнү өткөрүлмөкчү.

АКШдагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү ушул тапта Нью-Йоркко чогулуп, Азамат Алтайдын туугандарынын азасын бөлүшүүдө.

XS
SM
MD
LG