Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:18

ЖАҢЫ ГУАМдын КЕЛЕЧЕГИ КАНДАЙ?


Киевде төрт өлкөнүн – Грузия, Украина,Азербайжан жана Молдавия президенттери мурдагы регионалдык ГУАМдын базасында жаңыланган “Демократия жана экономикалык өнүгүү үчүн - ГУАМ” уюмун түзүштү, анын уставын, процедуралык эрежелери менен финансылык жоболорун бекитишти. Украин президенти Виктор Ющенконун айтымында, бирикме жакынкы аралыкта Улуттар Уюмунда каттоодон өтөт, толук кемелдеги эл аралык уюмга айланат. Жаңы ГУАМ келечекте НАТОго жана Евросоюзга кошулууну,КМШдан чыгууну көздөйт. Бирок байкоочулар арасында бу бирикменин келечегине ишенгендер менен анчейин ишеңкиребегендер да аз эмес.

Тбилисидеги Cтратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр фондусунун президенти Александр Рондели жаңы бирикменин жаралышын КМШнын ыдырай баштаганына жоруду. Ал жаңы бирикменин келечегине ишенет. ГУАМ адегенде негизинен Россиянын коопсуздук саясатына каршылык көрсөтүүнүн бир түрү катары түзүлгөн эле. Эми ал, Ронделинин ишениминде, экономикалык негиздеги эл аралык олуттуу уюмга айлана баштады.

Лондондогу экономикалык реформалар борборунун башкы экономисти Катинка Барыш болсо Советтер Союзу таркагандан бери оголе көп саясий жана экономикалык бирикмелер түзүлгөнүн, алардын көбүнөн ойдогудай майнап чыкпагандыгын эске салды. Анын баамында, постсоветтик аймактагы лидерлерде эл аралык мамилелерге статистикалык өңүттөн караган адат кала элек. Президенттер ат тезегин кургатпай бат-бат жолугушканды, көбүнчө экономикалык маселелерди талкуулаганды жакшы көрүшөт, бирок андан жарытылуу натыйжа боло элек. Жаңы бирикмеде,Барыштын болжолунда,экономикалык кызматташтык мурдагыдай эле абалда калышы ыктымал.

Орус думасынын тышкы иштер комитетинин төрагасы Константин Косачев ГУАМды баарыдан мурда саясий мүдөөдөгү уюм деп атады. Төрт өлкөнүн демократиялык өнүгүү идеяларынан улам биригип жатканына ал ишене албайт. Бу бирикменин түпкүлүгүндө,Косачевдун айтымында, позитивдүү ниеттерге караганда негативдүү мүдөөлөр көбүрөөк.

ГУАМдын негизги максатынан айрым байкоочулар Каспий алабындагы мунайды жана газды Россияны кыйгап өткөн жолдор аркылуу Батышка чыгаруу мүдөөсүн көрүшөт.

Башка бир байкоочулар төрт өлкөнүн өз ара айрымачылыктарына көңүл бурушту. Мисалы, Грузия, Украина жана Молдова жакынкы келечекте Евросоюзга, НАТОго кошулууну, КМШдан чыгууну көздөшсө, Азербайжан азырынча мындай мүдөөсүн ачык билдире элек.

XS
SM
MD
LG