БИШКЕК. Билим, илим жана жаштар саясаты боюнча министри Досбол Нур уулу Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденттигине шайлоого катышуудан өз каалоосу менен баш тартты. Ал Улуттук илимдер академиясынын президентине 25-майда жазган ачык катында мындай чечимге барышына, илим чордонундагы “жердешчилик”, “тууганчылык” өңдүү жат көрүнүштөр себеп болгонун баса белгилеген. Учурда ал жерде эмгек маянысын, академиялык стипендиясын алуу менен чектелген окумуштуулар эле калгандыгын билдирген.