Бул тууралуу ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Эгерде митинг учурунда мыйзам бузууларга жол берилсе, ага мыйзам чегинде чара көрүлөт. "Митинг тынчтык мүнөздө болгондуктан, баары жайында болот деп ойлойбуз",- белгиледи министрликтин басма сөз кызматынын өкүлү. «Жаңы Кыргызстан» партиясынын өкүлү жума күнү маалымат жыйынын өткөрүп, 27-майдагы митинг учурунда экс-президенттин өкүлдөрү атайын чагым салышы мүмкүн деп билдирди.
Айданбек Акмат уулу
Айданбек Акмат уулу