Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНДА ШАЙЛОО ӨТТҮ


Кыргыз улуттук илимдер академиясында академиктерди жана мүчө-корреспонденттерди шайлоо 25-майда болду. Ага жалпысы болуп, токсонго жакын окумуштуулар катышып, ат салышты. Алардын бири, тарых илимдеринин доктору, билим, илим жана жаштар саясаты министри Досбол Нур уулу шайлоо тууганчылык, жердешчилик принцибинде өтөрүн белгилеп, ага катышуудан баш тартты.

Тарых илимдеринин доктору, учурда жаштар саясаты жана илим, билим министри Досбол Нур уулу мүчө-корреспонденттикке ат салышып жаткан. Бирок бир күн мурда ал өз талапкерлигин алып салды. Досбол мырзанын айтуусунда, ага бул кадамга барууга Улуттук илимдер академиясынын кландык академия болуп калганы түрткү болгон:

-Академия—кландык академия болуп калган. Ал жерде эч кимдин деңгээлине баа берилбей, шайлоо мезгилинде тууганчылык, жердешчилик катуу роль ойнойт. Мунун натыйжасында академиктер да, мүчө-корреспонденттер да субьективдүү гана факторлор менен шайланып келе жатат. Ошондуктан, мен ачык эле баш тарттым.

Досбол Нур уулунун мындай сөзүнө академиялык шайлоонун эксперттик комиссиясынын мүчөсү, академик Бүбүйна Орузбаева каршы чыкты. Анын айтымында, ким гана болбосун мындай дооматты коердо мисал, фактылар менен коюуга тийиш:

-Мисал менен, факты менен көрсөтүп, сүйлөө керек да. Эшматтын тууганы, Ташматтын тууганы, анын кемчилиги—бул, ошого карабай өтүп кетти десе, дооматы жакшы болор эле.

Бүбүйна Орузбаеванын айтуусунда, Улуттук илимдер академиясына мүчө-корреспондент болууну каалаган окумуштуулар үчүн белгилүү бир талаптар бар. Буга ылайык талапкердин жазган илимий эмгектери, даярдаган аспирант, докторант кадрлары болуусу зарыл.

Экс-президент, академик Акаев мамлекет башына келгенде улуттук илимдер академиясынын түштүк бөлүмүн түзүп, бир нече академиктер шайланышкан. Байкоочулардын айтымында муну ачууга да ошол жердешчилик, тууганчылыктан улам түштүктөн академиктердин аз чыгып жатканы себеп болгон.

Досбол Нур уулу Акаевдин бул аракетинен да майнап чыккан жок, тескерисинче “жасалма” академиктер пайда болду деп билдирди:

-Акаев да түштүктөн окумуштууларды көбөйтүп, теңдейли деген максатта Улуттук илимдер академиясынын түштүк бөлүмүн ачкан. Анткени, шайлоого койсо сөзсүз өтпөйт.

Досбол Нур уулунун сөзүн илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Абдыкадыр Садыков да кубаттады. Анын сөзү боюнча, акыркы он беш жылдын ичинде Улуттук илимдер академиясында бир топ калпыстыктарга жол берилген:

-Совет өкмөтү кулагандан кийинки шайлоолордо элди нааразы кылган маселелер болуп кетти. Устав боюнча, мүчө-корреспондент болуп туруп, анан гана академик болуу керек. Бирок антпей эле, Акаевдин учурунда мүчө-корреспондент болбой эле түздөн-түз академик болуп алган адамдар болду. Ачыгын айтканда, алардын бир тобу академиктикке татыксыз.

Министр Досбол Нур уулунун билдирүүсүндө акыркы он беш жылдын ичинде илимдер академиясы коомдук-экономикалык тармакта өз ордун таба албагандыгы тууралуу да айтылат. Министрдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, илимдер академиясы илимдин өнүгүшүнө салым кошпой калды, ошондуктан улуттук илимдер академиясы реформага муктаж:

-Акыркы убакта мамлекеттен улуттук илимдер академиясына бөлүнгөн каражат жалаң эле окумуштуулардын айлыгына жана стипендиясына кетип жатат. Илимдин өнүгүшүнө эч кандай көңүл бурулбай калууда. Илим базар экономикасынын шартында таптакыр башкача болууга тийиш. Ал өзүнүн кызматын өзгөртүшү керек. Мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражат айлык акыга эмес, долбоорлорго бөлүнүүсү зарыл. Он беш жылдан бери айлык акыны эле берип коюп, “сен мага тийбе, мен сага тийбейм” деген шартта жашап келатабыз.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG