Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:44

ХОРДУ УККАНДАР АЗАЙДЫ, ЭСТЕКЕҢ 75ке ЧЫКМАК…


22-майда Бишкекте хор жанрынын жана элдик ырлардын фестивалы башталды. Аталган Фестиваль сонку убакта унутулуп бара жаткан хор өнөрүнүн кайрадан жанданып келе жаткандыгынан кабар берет. Себеби алтынчы жолу өтүп жаткан фестивалга катышуучулардын саны жылдан жылга өсүүдө. Бул жолу борбордогу музыкалык окуу жайлардын хор жамааттары, музыкалык педагогикалык окуу жайы, искусство институту, “Русская душа» «Радуга» топторунан тышкары Чүй облусунан да чыгармачыл жамааттар келишип, баардыгы болуп отузга жакын топтор өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Сынактын талабына ылайык ар бир топ өздөрү тандоосуна ылайык үчтөн чыгарма аткарышты. Калыстар тобунун төрагасы Малик Ракишевдин билдиргенине караганда катышуучулардын чыгармачылык деңгээли жылдан-жылга жогорулоодо:

-Баса белгилеп кетүүчү нерсе хор коллективдеринин чыгармачылык деңгээли жыл сайын өсүп жатат. Себеби бири-бирин көрүп, жакшы жагын алып, жаман жагын четке кагып, чыгармачылыгын өстүрүп,өнүктүрүшүүдө. Уюштуруу иштери начарыраак болуп, маалымат жакшы жетпегендигинен көпчүлүк эл келбей калды деп ойлойм.

Калыстар тобунун төрагасынын уюштуруу иштеринде кемчиликтер болуп, маалымат жакшы жетпей көпчүлүк эл келбей калды деген сөзүн айрым көрүүчүлөр колдосо, кээ бирлери бул жөн гана элдин хор өнөрүнө болгон кызыгуусу жоголуп, ыр ышкыбоздорy жеңил-желпи музыкага ооп бара жатат деген пикирлерин билдиришти. Хор музыкасын өркүндөтүп, ага болгон кызыгууну өстүрүү максатында өткөрүлүп жаткан фестиваль 27-майда гала концерт менен жыйынтыкталып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.

А.Малдыбаев атындагы опера балет театрында балдардын ырга жана бийге болгон таланттарын сыноо максатында КТРдин «Рабаят” чыгармачыл бирикмеси сынак өткөрдү. Анда жалпы республика боюнча бий жана хор ансамблдери өнөрлөрүн көрсөтүштү.Сынактын жыйынтыгында жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти, Кыргыз жана казак элинин эл артисти, Токтогул атындагы мамлкеттик сыйлыктын лауреаты Эстебес Турсуналиевдин туулган күнүнүн 75 жылдыгына арналган иш чараларды өткөрүү максатында уюштуруу комитети түзүлдү. Анын төрагалыгына маданият министри Султан Раев, төраганын орун басары болуп Анатай Өмүрканов бекитилди.
XS
SM
MD
LG