Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:50

ОППОЗИЦИЯ БИЙЛИКККЕ ОН ТАЛАП КОЙДУ


«Реформа үчүн» кыймылына бириккен оппозициялык күчтөр 27-майда Бишкекте Алатоо аянтында калың эл катышкан митинг өткөрүп, бийлик алдына он талап коюшту. Эгер алар сентябрь айына чейин аткарылбаса Бакиев-Кулов тандемин кызматтан кетирүү тууралуу маселе коюлары жар салынды. Алар койгон талаптардын катарында конституциялык жана укуктук-соттук реформаны тездетүү, Аксы окуясынын чыныгы күнөөкөрлөрүн таап жазалоо, талап-тоноодон жапа чеккендерге компенсация төлөп берүү, бийлик адамдарынын соода - сатык иштерине кийлигишүүсүн токтотуу, «Жерүй» алтын кенин жана башка кен байлыктарды иштетүүгө ачык тендер жарыялоо жөнүндө маселелер бар. Ошондой эле мамлекеттик телерадиокомпанияга көрсөтмө берүүнү токтотуу, Пирамида телекомпаниясын ээсине кайтарып берүү, НТС каналын аймактарга көрсөтүү тууралуу да талаптар коюлду. Фотобаян. Бишкек ш. 27-май, 2006-жыл.





















Сүрөттөрдү К.Оторбаев, Т.Шабиев тартты, "Азаттык"

XS
SM
MD
LG