Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:51

30-МАЙДАГЫ ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР


1667-жылы энесайдагы кыргыз мамлекетинин өкүмдары Еренак жунгарлар менен биргелешип орустардын Красноярск гарнизонуна чабуул койгон. 1948-жылдын бу күнү Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитети “советтик патриотизмге тарбиялоодо кетирилген оор каталыктардын” бетин ачты.

1667-жылы энесайдагы кыргыз мамлекетинин өкүмдары Еренак жунгарлар менен биргелешип орустардын Красноярск гарнизонуна чабуул койгон. Гарнизонду 376 адам кайтарып, чабуулдан алар оор жоготууга дуушарланышкан. Гарнизон жоокерлеринин 39-өлүп, 203-жаракат алып, 49 адам кыргыздар тарабынан туткундалган.

1889-жфылы “Туркестанские ведомости” гезити беймаалым кыргыз адам жазган макаланын орусча котормосун жарыялаган. Автор, анда Пишпек жана Пржевальск уездинен өткөн элдик сотттордун, т.а. бийлердин курултайы жөнүндө маалымат берген.

1922-жылдын бу күнү кыргыз калкынын каарман атуулу, Советтер Союзунун баатыры Дайыр Асанов жарык дүйнөгө келген. Д.Асановдун киндик каны Атбашы районунун Башкайыңды айылына таамп, ал Улуу Атамекендик согуштан кийин 1-Ульяновск танкалык аскер училищиесин, Ташкент жогорку танкалык училищени, аскер-саясий академиясын ийгиликтүү бүтүргөн. Дайыр Асанович отставкага 1994-жылы генерал-майор даражасында кеткен.

1936-жылы тажрыйбалуу сибирдик алтын издегич Петр Архипов үстүңкү Нарындан алтын кенин издеп баштаган. П.Архиповдун изденүүсү текке кетпей, Кумбел жеринен алтын чыккан. Биринчи тазалоодон соң мамлекетке алтын тапшырылып, П.Архиповго болсо, “Нарындагы алтын кенинин биринчи ачуучу” деген расмий документ тапшырылган.

1948-жылдын бу күнү Кыргызстан (большевиктер) Компартиясынын Борбордук комитети “советтик патриотизмге тарбиялоодо келтирилген оор каталыктардын” бетин ачты.

Патриотизмге залака келтирген деп “ачыкка чыгарылган” окумуштуулардын көч башына С.М.Абрамзондун “Очерки истории киргизской культуры” эмгеги коюлган. Мындан тышкаары, Байжиев, Бектенов, Саманчин, Самарин жана башка “бир канча фрунзелик окумуштуулардын” эмгектери зыяндуу чыгармалардын тизмегине алынган.

1954-жылдын бу күнү Фрунзе шаардык эмгекчилер депутаттарынын Кеңеши борбор шаардын борбордук көчөлөрүндө унаа арабалардын жана оор жүк ташыган машиналардын жүрүшүнө тыюу салган чечим чыгарган.

Бу күнү 1265-жылы италиялык акын Данте Алигьери, 1778-жылы улуу ойчул, француз жазуучусу, агартуучу жана тарыхчы Франсуа Вольтер жарык дүйнөгө келсе, 1960-жылы улуу орус акыны жана жазуучусу Борис Пастернак дүйнөдөн кайткан.
XS
SM
MD
LG