Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:04

ОРУСИЯДА МАЙЫП БАЛДАР ЖАРЫМ МИЛЛИОНДОН АШУУН


Бүгүн балдарды коргоонуну эл аралык күнү. Аны демейдегидей кеңири белгилөө Орусиянын жер жерлеринде өтмөкчү. Анализчилер болжолунда өлкөдө айрыкча майып балдардын абалы кыйын. Азыр андай балдардын эсеби 593 миңден арбын экен. Бирок бул каттоого алынгандар гана дешет. Алардын басымдуу көпчүлүгү эч убакта коомчулукка кайра кошула алышпайт.

Кийинки учурда орус элинин саны азайып баратышы ачык эле айтылып калды. Маселен, дүйшөмбү күнү өлкөнүн илим жана билим берүү министири Андрей Фурсенко журналисттер алдында, эки жылдан кийин орусиялык мектептерде окуучулар саны үчтөн бирге азая тургандыгын айткан. Анын колундагы маалымат боюнча кийинки бир нече жыл ичинде мектеп окуучулар эсеби беш миллионго кыскарган.

10-майда орусиялык лидер элге кайрылуу жасаганда көч башына койгон эки стратегиялык маанидеги маселенин бири да балдардын санын өстүрүү болду. «Бала төрөөгө бел байлаган аял затына социалдык шарт түзүүнү баштан аяк өзгөртүү сунуштайм. Биринчи балага айына 1500 рубл, экинчи балага 3000 рубл жөлөк пул ал бир жарым жашка чыкканга дейре берилсин», - деген эле Путин.

Кечөө Орусиялык омбудсмен Владимир Лукин майып балдар укугу массалуу түрдө тебеленип аткандыгы туурасында жарыя айтты. Ал жерде келтирген мисалдар боюнча интернаттагы бир майып баланы багууга орто эсептен алганда айына 14 миң рубл чыгымдалат экен. Азыркы тушта мамлекет берип аткан каражат андан 7 эсеге аз дейт.

Орусиянын саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министирликтери берген эсеп боюнча азыр мамлекет эсебинен жөлөк пул берилип аткан 593300 бала бар. Бирок доктурга көрүнүп өзүнүн майып жан экенин далилдешке мүмкүнчүлүгү жок айрыкча элет жердеги майып балдар абдан көп экенин омбудсмен белгилеген. Анын себеби эмдигиче бүтүндөй өлкө боюнча майып балдардын тизмесин алуу бир да жолу боло электигинен да деп айткан.

Өлкөдө майып балдарды өмүрүнүн акырына дейре интернатта кармоо адат болуп калганын айтат. Адам укугун коргоочунун айтканынана караганда ал мекемелерде советтик туштан калган жоболорду ээрчип иш кылуу жана мыйзам чыгаруучу органдардын мындай маселе бар экенин билбешинен улам болуп аткан иш.

«Аларды (майып балдарды – ММ) чындыгында мыйзам арибине дал келбес жол менен өмүрүнүн акырына дейре интернатка жайгаштыруу тажрыйбасы кеңири пайдаланып жүрөт», - деди орусиялык омбудсмен Лукин.

Андай жайлардагы майып балдардын тарбиячылар тараптан тартып аткан ыза кордугу да кыйла чагылдырылган. Дени таза балдар үстүнөн деле кыйла ырайымсыздык болоорун «Азаттыктын» Екатеринбургдагы кабарчысы Олег Вахрущев айтты. «Бир эле 2005-жыл ичи балдарын уруп сабап, кор кылгандыгы үчүн Свердлов облустук прокуратура 400дөн ашуун ата-эне жана бала багып алгандар үстүнөн кылмыш ишин козгоду», - дейт.

«Бүгүн Ылдыйкы Тайгилдик соту акылы кыска балдар үйүнүн мурдагы тарбиячысыын үстүнөн ал балдарды кыйнагандыгы үчүн өкүм чыгарат. Жазалоо мөөнөтү жети жылга дейре болору айтылууда», - дейт биздин кабарчы.

XS
SM
MD
LG