Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:31

АКШ делегациясы Курманбек Бакиев менен жолугушуп, президент Жорж Буштун жеке катын тапшырды


БИШКЕК. Учурда Бишкекте АКШ аскер базасынын Кыргызстанда мындан ары жайгашуусу боюнча эки тараптуу сүйлөшүү жүрүп жатат. Келишимдин жаңы долбоору боюнча бул сүйлөшүүдө макулдашууну жакын арада бүтүрүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы бүгүн тараткан билдирүүдө айтылат. Жабык өтүп жаткан бул сүйлөшүү туурасында азырынча мындан башка эч кандай маалымат айтыла элек. Кыргыз тарап буга дейре расмий Вашингтонго авиабаза үчүн ижара акысын 2 миллиондон 200 миллион долларга чейин көтөрүү талабын койуп, 1-июнга дейре маселе чечилбесе бир жактуу чечим кабыл алынаарын эскерткен.

XS
SM
MD
LG