Венадагы жыйындын алдында, 31-май күнү, АКШнын мамлекеттик катчысы Кондализа Райс дипломатиялык ыкмаларга ыкыласын ырастаганы жана проблеманы жөнгө салуу мүмкүндүгүн бекемдегени Вашингтон Евросоюздун үчкүлүнө өнөктөшүп Тегерандын өкүлдөрү менен жолукканга даяр экенин бышыктады. Бирок бул үчүн Иран уран байытканын толук токтотушу керек, деп шарт койду Райс.
Вашингтондун бул ишаарасы ошол эле күнү кеңири кубаттоо тапты. Швециялык таанымал эксперттердин бири Шаннон Кайл муну дипломатиялык маанилүү кадам деп баалады. АКШ бул проблемада такай эле четте туруп каяша көрсөткөн тарап катары калалбайт,мындай абал Коопсуздук Кеңешинин калган туруктуу мүчөлөрүнө орток пикир тапканга каскак болууда.
Иран бийликтери болсо Вашингтондун ыкыласын пропагандалык амалга тогоруп кабылдады. “Кондализа Райстын сунуштарында эч кандай деле жаңылык жок, мунун баары анын мурдагы сөздөрүнүн курандысы гана болуп саналат, ушунун өзү эле атом маселесин чечүүдө үжөттүү бир көз караштын жоктугун көрсөтүп турат”, - деп айтты Ирандын тышкы иштер министри Манучер Моттаки.-“Балким, бу Ирактагы кылмыштарды жабыштын амалы да чыгар”, - деп кошумчалады ал.
Евросоюздун тышкы саясатынын жетекчиси Хавер Солана Венадагы жыйында талкуулана турган сунуштарды Иран менен келишимге жетүүнү көздөгөн “эң күчтүү жана позитивдүү сигнал” деп атады.
Евросоюз даярдаган сунуштардын топтомосунда,айрым маалыматтарга караганда,Иран менен техникалык жана экономикалык кызматташтыкты алысындатуу, граждандык чөйрөдө атом энергетикасын өнүктүрүүгө жардамдашуу, анын ичинде ядролук отун менен камсыз кылуу жолдору каралган. Буга кошумча Батыш альянсы зарыл болгон шарттарда Ирандын коопсуздугун кепилдегенге, кала берсе илимий изилдөө иштеринин чегинде уран байытканга мүмкүнчүлүк бергенге да даяр экени ырасталган. Эгер Тегеран бул сунуштардан баш тартса, анда Коопсуздук Кеңеши Иранга санкцияларды жарыялашы керек. Мындай чараларды караган резолюцияга буга чейин Россия менен Кытай каршы чыгып келишкен. Венадагы жыйынга байланыштуу Кытайдын тышкы иштер министрлиги жарыялаган билдирүүдө атом энергиясын жайчылык максаттарга колдонгонго Тегерандын укугу бар экени айтылат, бирок бул үчүн белгилүү эрежелерди так сактоого тийиш экени да эскертилет. Россия болсо Иранга каршы күч колдонуу мүмкүндүгү тууралуу сөздөрдүн резолюциянын долбоорунан алынышын талап кылган. Айрым маалыматтарга караганда,Вашингтон буга макул болгон сыяктанат.
Сүрөттө : Ирандагы уран байыткан ишканалардын биринде