Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:31

ОРУСИЯ МЕНЕН БЕЛАРУСТУН ОРТОСУН КАЙСЫ КАРА МЫШЫК АРАЛАДЫ


Жаныл Жусубжан, Прага Беларустун Мурдагы советтик жумурияттардын ичинен Орусия менен Беларустун мамилеси айрыкча жылуу-жумшактыгы менен айырмалант. Маскөө коңшусуна арзан мунай-газ берет, ал эми Минск Орусиянын айныгыс саясий союздашы. Ал тургай эки өлкөнү бир союзга бириктирүү тууралуу бир топтон бери сөз болуп келди. Арийне, орусиялык Газпром компаниясынын газ үчүн дүйнөлүк базар акысын талап кылуу пландары бул майдай-сүттөй мамилеге шек келтирип, ошол эле убакта беларустардын президент Лукашенкого колдоосуна коркунуч келтирүүдө. 1-июнда Беларустун энергетика өкүлдөрү Маскөөдө сүйлөшүү баштап жатышат. Ал эми биз соңку окуялар Беларустун келечегине кандай өзгөрүүлөрдү алып келээрине сереп салсак.

Беларуста президент Лукашенко экономикалык стабилдүүлүктү жана социалдык жыргалчылыктарды азыркы калыбында сактап калуу убадасы менен кайра шайланганына эки айдын гана жүзү болду. Анын аралыгында Газпром Беларус орус газы үчүн азыркыдан үч эсе көп акы төлөсүн деген жарыясы менен Лукашенконун бийлигин кыйла түпөйүл кылып таштады. Беларус азыр бир миң куб метр газ үчүн болгону 47 доллар төлөйт, буга салыштырмалуу Грузия менен Молдова 110 доллардан берет.
Арзанчылык Беларустун ишенимдүү саясий союздаштыгы үчүн төлөнгөн акы катары бааланып келди. Анда азыр эмне болду?

Федор Лукянов Маскөөдө чыгуучу "Орусия глобалдык маселелерде" журналынын баш редактору. Анын айтымында, Маскөө Беларусту субсидиялагандан бир аз тажаган болушу мүмкүн. Орустар ошондой эле Лукашенконун социалдык моделин түбөлүккө колдобой тургандыгын эскертип жаткан сыяктанат.

Лукяновдун жана башка аналитиктердин пикиринде, Беларуска берилген газдын кымбатташы бир жагынан Газпромдун Батыш Европага баруучу ташуу жолдорун көзөмөлдөө далалатын билдирет. Себеби Газпром жана Кремл Лукашенкого Беларустун мамлекеттик газ ташуу компаниясы Белтрансгаздын акцияларынын 50 пайызын сатууну сунуш кылып, болбосо батыш европалыктар төлөгөн бааны төлөөгө тийиш болоорун эскертишкен.

Экинчи жагынан газдын кымбатташы Орусиянын Минск менен мамилесин өзгөртүү нийети улам күчөп жаткандыгын билдирет. Бул тууралуу Херитиж же Мурас Корунун Маскөөдөгү кеңсесинин директору Евгений Волк мындай дейт:

Менимче, Лукашенко өзүнүн эркиндиктерди басмырлап, оппозицияны куугунтуктаган саясаты менен Кремлди улам көбүрөөк кыжырдантып жатат. Маскөө өзү деле адам укуктарын ашкере аздектегени менен сыймыктана албайт. Лукашенкого жакындыгынан улам Путин жана анын режими Батыштын сынына айрыкча сезимтал абалда калып жатпайбы.

Волктун ишениминде, Кремл Лукашенконун режимин экономикалык жактан муундуруп салууга аракеттенүүдө. Украин президент Виктор Юшенкону ушул жол менен кулатуу аракетинен майнап чыкпаганы белгилүү. Бирок Юшенко Батыштан дипломатиялык колдоо ала алды, ал эми бирин-экин өлкө менен гана ымаласы бар Лукашенконун Маскөөдөн башка таянаар тоосу жок.

XS
SM
MD
LG