Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:37

Азамат Алтайга Эл Баатыры наамын ыйгаруу сунушу президентке жолдонду


БИШКЕК. «Азаттык» үналгысынын негиздөөчүсү, совет доорундагы даңазалуу кыргыз диссиденти Азамат Алтайды эскерүү жыйындарында кабыл алынган мындай сунушту бүгүн жыйын катышуучуларынан атынан «Атуулдар коррупцияга каршы» укук коргоо борборунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова президент Курманбек Бакиевге жолдоду. Анда Тоңдогу эскерүү жыйынында эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун Азамат Алтайга Эл Баатыры наамын ыйгаруу, музейин ачуу, Бишкек жана башка шаарлардагы көчөлөргө ысмын берүүнү президенттен өтүнүү сунушун көпчүлүк колдогону айтылат. Ошондой эле президенттен бул маселени тез арада чечип берүү суралган.

XS
SM
MD
LG