Бүгүн Токиодо Япония менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин форуму өз ишин баштады. Анда газ, мунайды экспорттоо, терроризмге каршы биргелешип күрөшүү маселелери талкууланууда. Жыйынга байкоочу катары Ооганстандын тышкы иштер министри Дардаф Спанта да катышууда. Ал эми Түркмөнстандын өкүлү келген жок.