Бүгүн Бухарестте Кара деңиз боюндагы өлкө башчыларынын катышуусунда жыйын өтөт. Ага Румыния, Украина, Молдова, Грузия, Армения жана Азербайжандын президенттери катышат. Форумдун күн тартибиндеги башкы маселелер – энергетикалык коопсуздук, Азиядан Европа өлкөлөрүнө мунай, газ экспорттоонун альтернативалык жолдорун талкуулоо болмокчу.