Эки саатка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин жасаган билдирүүсүдө Ирандын атомдук энергия боюнча агенттинин башчысы Али Ларижани Хавьер Солана менен сүйлөшүүлөр конструктивдүү маанайда өткөндүгүн билдирди.
"Биздин сүйлөшүүлөр конструктивдүү маанайда өттү. Алар бизге алдын ала иштелип чыккан сунуштарды киргизишты. Сунуштардын ичинде оң жылыштарга өбөлгө болуучулары бар, бирок бүдөмүк жерлер да жок эмес, алар алынып ташталууга тийиш",- деди Ларижани.
Коопсуздук кеңешинин беш туруктуу мүчөсү АКШ, Россия, Британия, Кытай, Франция тарабынан жана Германиянын катышуусу менен иштелип чыккан сунуштарга ылайык, Иранга кеңири экономикалык кызматташуу программасы сунуш кылынат. Бирок ага жооп иретинде Иран уранды байытууну токтотууга тийиш. Тегерандын аэропортунда чогулган журналисттердин алдында жасаган билдирүүсүндө Хавьер Солана Батыш Иран менен өз ара урматташууга жана ишенимге негизделген жаңы мамилелерди курганы жатат, деп билдирген.
Болжолдор боюнча, Иранга киргизилген сунуштардын ичинде эгерде Иран кызматташуудан баш тартса, ага каршы ар түрдүү экономикалык жана саясий санкциялар колдонула тургандыгы жөнүндө айтылган болушу ыктымал.
Азырынча сунуштардын майда-чүйдөсү белгисиз. Алардын толук мазмуну сүйлөшүүлөр аяктаган соң Иран тарабынан ачыкка чыгарылуусу күтүлүүдө. Бирок, Ассошиейтед Пресс агенттигинин мурдараак берген маалыматына караганда, эгерде Иран уран байытуудан баш тартса, ага заманга шай атомдук реакторлорду курууга көмөк көрсөтүү сунуш кылынат. Ошону менен бирге Тегерандын жарандык авиациясын Европанын аэробустары менен камсыз кылуу сунуш этилет.
Вашингтон киргизген санкциялар боюнча Иранга Боинг учактары менен анын деталдарын сатууга тыйуу салынган болучу.
Бүгүн 6-июнда өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийин Али Ларижани жолугушуу Европанын Иран уранынын айланасындагы маселелерди сүйлөшүү жолу менен жөнгө салуу тилеги бар экенин айгинелегенин кошумчалады:
"Биз мындай ак ниеттүү ишараны кубаттоо менен кабыл алдык. Бул туура багытта жасалган кадам. Сунуштарды тыкан изилдеп чыккан соң биз дагы кошумча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, тийешелүү жыйынтыкка келерибизге үмүттөнөм", -деди Ларижани.
Ирандын диний көсөмү аятолла Али Хаменейи эгерде Иранга каршы жазалоо санкциялары колдонула турган болсо, Иран дүйнөлүк рынокко мунай берүүнү токтото турганын айтып эскерткен болучу. Иран дүйнөнүн төрт эң ири мунай өндүрүүчүлөрүнүн бири, ал эми ОПЕК уюмунун алкагындагы экинчи ири мунай өндүрүүчү. Анын кирешесинин кыйла бөлүгү мунай сатуудан түшөт. Ошондуктан анын мындай кадамга бара коеру күмөн. Бирок Хаменейинин алдыдагы билдирүүсүнөн мунай баалары дүйнөлүк базарда кечээ баррелине 73 долларга чейин чыгып кетип, бир кыйла бүлүк салды.