Палестина автономиясында 25-январда өткөрүлгөн парламенттик шайлоодо ХАМАС уюму жеңип чыкты, бирок АКШ жана батыш европалык мамлекеттер ХАМАСты террордук уюм деп эсептейт, ошондуктан ал Палестина автономиясынын жаңы өкмөтүн түзгөндөн кийин Батыштан автономияга көрсөтүлгөн жардам кескин кыскартылды.
Палестинанын өзүндө дээрлик өндүрүш жок, ошондуктан автономиянын калкы негизинен кошуна Израилдин ишканаларында эмгектенет, ар башка себептерден жөөттөр өздөрүнүн чек ара түйүндөрүн жаап салган учурларда автономияда кадимки кризис башталат. Өз өндүрүшү жок болгондуктан, Палестина эл аралык жардамга өтө муктаж, жыл сайын автономияга бир миллиард доллар жардам көрсөтүлөт, анын жарымы Европа Биримдигинен, 300 миллион доллары АКШдан келет.
ХАМАСтын уставында Израил мамлекети жок кылынууга тийиш деп жазылган жана уюм бийликке келгенден кийин Батыш мамлекеттери уставдагы андай беренени өзгөртүүнү суранып, саясатта күч колдонуу аракеттеринен жана экстремизмден баш тартууну талап кылган, бирок уюм өз принциптерин өзгөртпөй жатат. Натыйжада эл аралык жардам кескин кыскартылгандыктан Палестина акыркы айларда терең кризиске батты.
Парламенттик шайлоодо утулган төрага Махмуд Аббастын ФАТХ деген партиясы Батыш жана Израил менен болгон мамилелерди оңдоого аракеттенүүдө, бирок карапайым калк айрым маселелер боюнча ХАМАСты колдоп кетүүдө. Натыйжада Аббас 6-июнда элдик референдум өткөрүүнү сунуштады жана ага автономиянын келечектеги мамлекеттүүлүгү тууралуу пландан тышкары кошуна Израил менен тынчтыкта жашоо маселеси да коюлган.
Референдум тууралуу жарыянын алдында Аббас өкмөткө кайрылып, Израил мамлекетин тааныган манифестке 6-июнга чейин кол коюуну сунуштаган, бирок ХАМАС аны четке какты. Автономиянын келечеги тууралуу план боюнча болсо Палестина мамлекети 1967-жылдагы согушка чейинки чек аралардын чегинде түзүлүүгө тийиш жана Палестинанын борбору Чыгыш Йерусалимде жайгашат.
Бирок ал согуштан кийин басылып алынган араб аймактарында Израил көптөгөн жөөт айылдарын куруп алган жана Йерусалимди дагы бөлүнгүс жөөт шаары деп жарыялаган. Ошондуктан, эксперттердин айтымында, эгер Аббас сунуштаган референдум өткөрүлсө, ал негизинен мамлекеттүүлүк эмес, өкмөткө же төрагага ишеним көрсөтүү боюнча добуш берүүгө айланат. Шайлоочулар төрага Аббастын сунуштарын колдосо, ХАМАС өкмөтү бийликтен кетүүгө аргасыз болот, колдобой койсо, анда кызматтан Махмуд Аббас кетип, кезексиз президенттик шайлоо өткөрүлүшү мүмкүн.
Премьер-министр Исмаил Хания болсо төрага Аббасты сынга алып, элдик референдум өткөрүү тууралуу чечим автономиянын мыйзамдарына каршы келет деп билдирди. Өкмөттүн басма сөз катчысы Сами Абу-Зухринин айтымында, референдум тууралуу чечим ишке ашырылбаш керек: "Төрага Махмуд Аббаска кайрылып, биз аны өз турумун өзгөртүүнү суранабыз, референдум өткөрүлсө, биз кандай аракет көрө турганыбызды азырынча айтпайбыз, бирок биз - андай референдум болбойт деп үмүттөнөбүз", - деди 5-июнда Абу-Зухри.
Эгер референдум болсо, ал июлда өткөрүлүшү мүмкүн, Махмуд Аббас ал тууралуу буйрукка кол кое элек жана өкмөткө бир апта убакыт берди.