Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:22

Бишкек шаарынын турак үйлөрүнө ысык суу июнь айынын этегине чейин берилиши арсар


БИШКЕК. Буга Бишкек ТЭЦин отун менен камсыздоону шарттаган өкмөттөр аралык протоколго кол коюунун кечеңдеши себеп болууда. Мындай жагдай документке кол коюуга төрт өкмөттүн бири - өзбек тараптын макулдук бербей жатышынан түзүлүүдө. «Электрстанциялар» акционерлер коому тараткан билдирүүгө караганда, ысык суу менен камсыздоого кетчү чыгымдарды таап, ыраатташтыруу үчүн бери дегенде 20-июнга чейинки убакыт талап кылынат. Бишкек шаарынын турак үйлөрүнө ысык суу берүү бир айлык мөөнөт менен 9-майда токтотулган.

Бурул Сарыгулова
Редактору Кубат Чекиров

XS
SM
MD
LG