Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:13

МАМЛЕКЕТТИК ТЕЛЕРАДИОКОМПАНИЯГА КООМДУК БАШКАРУУНУ КИРГИЗҮҮ ЖӨНҮНДӨ МЫЙЗАМ КАБЫЛ АЛЫНДЫ


Кыргызстандын парламенти 8-июнда мамлекеттик телерадиокомпаниясына коомдук башкаруу киргизүү жөнүндө мыйзамды кабыл алды. Ага ылайык мамлекеттик телекомпаниянын иши Байкоочулар кеңештин көзөмөлүнө өтөт. Ал кеңеш өз кезегинде президент, парламент жана атуулдук коом тарабынан түзүлөт. Мамлекеттик телерадиокомпаниянын жетекчилиги дароо эле бул мыйзамга каршы экенин айтып чыкты. Алар Байкоочулар кеңешине мамлекеттик телерадиокомпаниянын өкүлдөрүн киргизүү зарыл деп белгилешүүдө.

Парламент кабыл алган мыйзам боюнча мамлекеттик телерадио компаниянын ишмердиги коомдук телекөрсөтүү жана радио принцибинде иштөөгө тийиш. Мыйзамды иштеп чыккан депутаттардын бири Каныбек Иманалиевдин айтымында, мамлекетттик телерадиокомпания азыркыдай президенттин жеке көзөмөлүндө эмес атуулдук коомдун катышуусунда башкарууга алынат. Бул үчүн Байкоочулар кеңеши түзүлөт, анын үчтөн бирин Президент, экинчи бөлүгүн парламент, калган бөлүгүн атуулдук коом көрсөткөн өкүлдөр түзөт. Мамлекеттик телерадиокомпаниянын жетекчилигин Байкоочулар кеңеши ачык конкурста тандап алат.

- Бул мыйзам мамлекеттик телерадио компанияга коомдук башкарууну киргизүүгө, коомчулуктун, атуулдук уюмдардын таасирин күчөтүүгө өбөлгө болот. Эл сыйлаган өкүлдөр ошол Байкоочулар Кеңешине кирет. Алар аркылуу эл өздөрүнүн мүдөө талабын билдирип турат. Азыр Президент же Өкмөт тараптан бир тараптуу эле көзөмөл жүрүп жатпайбы. Бул көз карандылык азайат, алар негизинен бийликке эмес элге, коомчулукка көз каранды болуп калат,- дейт Каныбек Иманалиев.

Мамлекеттик телерадиокомпаниянын жетекчилиги бул мыйзамга каршы экенин дароо эле айтып чыкты. Алар телекомпаниянын ишмердигин көзөмөлгө алууга атуулдук коом катышып жатканына каршы чыгышууда. Телерадиокомпаниянын директорунун орун басары Бейшенбек Бекешовдун айтымында, Байкоочулар кеңешинде атуулдук коом эмес, телерадиокомпаниянын өзүнүн өкүлдөрү отурууга тийиш:

«Иштеп аткан, иштин баарын жасап аткан биз болсок, анан биздин тагдырыбызды сырттан акча алган НПОлор чечкени туура болобу, аларга бизди башкартып койгону жатышканына таң калып атабыз».

Мамлекеттик телекомпанияны коомдук телекөрсөтүү принцибинде уюштурууну Президент Бакиев шайлоо алдында убада кылган болчу. Бирок, коомдук телекөрсөтүү мамлекеттик башкы каналда эмес өлкөнүн түштүгүндөгү Ош 3000 мамлекеттик телекомпаниясынын базасында уюштурулган. Анын ишин көзөмөлгө алган Байкоочулар кеңешинин курамын Президент өзү бекитет. Ушул себептүү атуулдук уюмдар жана оппозициялык депутаттар аны коомдук телекөрсөтүүгө жатпайт деп каршы чыгышкан.

Бирок, мындай дооматтарга бийлик моюн сунбай келатат. Мамлекеттик катчы Адахан Мадумаровдун айтымында, өлкөдө түрдүү менчиктеги телекомпаниялар иштеп турган чакта мамлекеттин колунда бир телекөрсөтүү болууга тийиш.

-Мен бул мыйзамдолбооруна таптакыр каршы эмесмин, бирок ошол эле учурда мамлекеттик телекөрсөтүү керек деп бекем билдирем. Өзүн сыйлаган мамлекеттин колунда мамлекеттик телекөрсөтүү болууга тийиш. Азыр ар ким каалагандай түрдүү телекомпаниялар бар. Мына ушундай түркүн түстүү телекомпаниялар турганда биз мамлекеттик телекөрсөтүүнү жоготуп албашыбыз керек,- деп билдирген мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров жакында депутаттар иштеп чыккан коомдук телекөрсөтүү жөнүндө мыйзамдолбоорун талкуулаган мезгилде.

Мурдагы бийликтин тушунда мамлекеттик телекомпания оппозицияны каралоочу курал болуп кызмат кылган үчүн коомчулукта катуу айыпталып келген. Март революциясынан кийин келген жаңы бийлик мамлекеттик телекөрсөтүүнү коомдук көзөмөлгө өткөрүү жөнүндө убада кылган. Бул убада аткарылбай келаткандыгы үчүн оппозиция Президент К. Бакиевди катуу сындап жаткан болчу.

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG