Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:43

КАРЗАЙ ПАКИСТАНДЫ АЙЫПТООДО


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Ооганстандын түштүк аймактарындагы акыбал курчуганына байланыштуу, Хамид Карзайдын өкмөтү Пакистанды айыптоодо. Анын айтымында Пакистан ар түрдүү уруу башчылары тарабынан башкарылган, бирок федерацияга формалдуу түрдө караштуу болгон региондорун жетиштүү көзөмөлгө албай жатат. Бирок Азаттык радиосунун серепчиси Амин Тарзи мындай акыбал үчүн эки жак тең жооптуу деп эсептейт.

Ооганстан менен Пакистандын ортосундагы талаш аймактарда Пакистандын Федералдык башкаруусуна формалдуу түрдө баш ийген уруулар отурукташкан. Бул чөлкөм Пакистандын Түндүк Батышындагы чек ара провинциясына танапташ жайгашкан. Чөлкөмдүн тургундарынын басымдуусу - пуштундар, алар Ооганстандын менен Пакистанды тең байырлашат.

Пакистандын Конституциясы боюнча федералдык баш ийүүдөгү уруулар аймактарына парламенттин чечими жайылбайт. Ал аймактар президенттин жарлыгы менен гана борбордун катуу көзөмөлүнө киргизиле алат. Болбосо, жергиликтүү маселелер пуштун урууларынын кеңештери - Жыргалар тарабынан чечилет.

Биз сөз кылып жаткан эки өлкөнүн тең чек аралаш аймактарын камтыган региондогу абал, айрыкча Түндүк жана Түштүк Вазиристандагы абал акыркы жарым жылдын ичинде курчуп кетти. Эксперттер бул аймакта Талибандын жетекчилиги отурукташканын божомолдошот. Абалдын курчуп баратканына байланыштуу Пакистан өзүнүн Ооганстан менен чектеш Федералдык баш ийүүдөгү түндүк чөлкөмдөрүнө 70 миңдей аскерин киргизген. Бирок бул чара чек аранын эки жагында тең үстөккө-босток кол салууларды ишке ашырып жаткан неоталибандарды токтото алган жок.

Июнь айынын башында куралдуу согушкерлер Пакистандын Бану провинциясында аскердик автоколоннаны жардырып жиберип, өкмөттүн төрт солдатын жок кылышкан. Андан мурдараак болсо алардын колунан Вазиристан провинциясында бир полицист менен бир аскер курман болгон.

Согушкерлердин арасында Ирак аркылуу сүңгүп кирген палестиналыктар бар экендиги маалымдалат. Ошондой эле согушкерлер эне-баланын саламаттыгына кам көрүү борборуна кол салып, АКШнын пайдасына тыңчылык кылды деп бир канча кишинин башын алып салышкан.

Согушкерлерге каршы чара көрүү үчүн Пакистан өкмөтү бул аймакта Жыргаларды түзүүнү караштырып жатат. Жыргалар жергиликтүү уруулардан тандалган жоокерлер менен бирге региондо бүлүк түшүрүп жаткан куралдуу согушкерлерге каршы күрөшмөкчү.
Бирок серепчи Амин Тарзинин көз карашында мындай тактика неоталибандарды убактылуу гана тынчытууга өбөлгө түзмөкчү. Региондо туруктуу коопсуздукту орнотуу үчүн эки өлкө тең өзүнө тийешелүү аймактарда көзөмөлдү орнотуп, ал жерлерде өз таасирин күчөтүүсү керек. Бул региондо өкмөт таасиринин чабалдашы чөлкөмдө саясий жана экономикалык институттарды түзүп, туруктуу абалды орнотууну көздөгөн стратегиянын ишке ашуусуна жолтоо болот.

Бирок андай бирдиктүү стратегияны ишке ашыруу үчүн абалтан араздаш ырасмий Исламабад менен Кабул чөлкөмдөгү туруксуздуктан эки өлкө тең өз позициясын душманга алдырып, уттуруп жиберип жатканын аңдоолору зарыл. Бири-бирин айыптагандын ордуна, эки жак тең бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, мыйзамсыз куралдуу топторго каршы күрөшүүнүн орток стратегиясын иштеп чыгуусу керек. Бирок адегенде экөө тең чөлкөмдө тополоң түшүрүп, тынч жаткан элге жана өкмөттүк мекемелерге кол салып жатышкандар ким экенин аныктап алышы абзел.

XS
SM
MD
LG