Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:49

Кыргыз-кытай чекара келишимине тараптар кайра кайрылбайт


БИШКЕК. Бул тууралуу эки өлкө жетекчилери кечээ Бээжинде кол койгон декларацияда айтылат. Анда өкмөттөр аралык кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара тилкесин демаркациялоо тууралуу келишимдин тарыхый мааниси зор экени белгиленип, тараптар бул келишимди бекем сактоого макулдашкан. Декларация мындан сырткары террорчулукка каршы кызматташуу,соода-экономикалык, маданий гуманитардык жана башка алака-катыштар боюнча да макулдашууларды камтыйт. Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаевдин бийлигинин тушунда оппозиция тарап аны чек арадагы Үзөнгүкууш аймагын Кытайга берип койду деп сындап келген. Коомчулукта бул маселенин тегерегинде нааразылыктар күчөп, акыры ал 2002-жылы Аксы окуясынын чыгышына алып келген.

XS
SM
MD
LG