Бүгүнкү коогалаңдуу доордун агымы менен тең адымдап, көп тармактуу, түрдүү жанрдуу кыргыздын кесиптик музыкасынын майданында жемиштүү эмгектенип, калемдештери менен ат салышып келе жаткан таанымал композиторлордун бири - Мукаш Абдраев атындагы эл аралык сыйлыктын ээси, республиканын маданиятына эмгек сиңирген ишмери Адылжан Абдуллаев.
Азыркы белгилүү эстрада ырчысы Айчүрөк Иманалиеванын аткаруусундагы композитор Абдылжандын “Жар-жар ай” аттуу ыры бүгүнкү күндөгү жаштардын үйлөнүү үлпөтөрүндө элдик ыр шекилдүү ооздон-оозго көчө ырдалып келет. Композитор “Жар-жар ай” сыяктуу улан-кыздардын сүймөнчүгүнө татыган ар кандай маңыздагы, көркөмдүктөгү ондогон лирикалык, патриоттук, балдар ырларын, аспаптык, симфониялык чыгармаларды жазды. Алардын көпчүлүгү ордо калаанын белгилүү чыгармачыл жамааттары тарабынан аткарылып, угуучуларга табиттик (эстетикалык) ырахатанууну тартуулап келүүдө.
- Адылжан мырза, соңку жылдарда эмне үчүн бозойлор менен селкилердин турмушуна арналган чыгармаларды жазбай жалаң эле балдар музыкасына ооп кеттиңиз?
- Өзүңүз билесиз совет доорунда балдар үчүн ар кандай жанрдагы чыгармалар көп жазылчу. Улуу композитор Абдылас Малдыбаевдин:
Тоголото топ тептик,
Топтон мурун биз кеттик
Мына, минтип, мына минтип” –деген ырын ар бир бала, жада калса чоң кишилер ырдаганын жакшы билебиз. Себеби ал жүрөктөн чыккан сонун ыр эле. Мына ушундай накка турмушту камтыган пионерлер, комсомолдор жөнүндө композиторлор Мукаш Абдраев, Акмат Аманбаев жакшынакай балдар ырларын жазышты. Алар бүгүн да ырдалып келүүдө. Тилекке каршы эгемендүүлүккө чыккандан кийин балдар үчүн жакшы ырлар жазылбай калды. Мен өзүм болсо балдар менен 25-30-жылдан бери иштейм. Ошондуктан бүтүндөй чыгармачылыгымды балдар музыкасына арнап келе атам.
- Адылжан мырза, узак жылдар бою Мукаш Абдраев атындагы республикалык кесиптик музыкалык мектеп-интернатты жетектеп келдиңиз. Мектеп окуучуларына деги эле балдарга бүгүнкү күндө кандай китептер керек?
- Музыкалык мектептер, балдар үчүн китептерди чыгаруучу маданият министрлиги, өкмөт, мамлекеттик тил комиссиясы өз колуна алыш керек. “Баланы башынан” дегендей баланы кичинекей кезинен музыкага, адабият дүйнөсүнө үйрөтүүбүз керек. Болбогон китептер чыгып атат. Мен өзүмдүн сөзүмдө баса айта кете турганым, бизде бай ишкерлер көп. Эмне үчүн алар балдар үчүн китептерди чыгарууга жардам беришпейт. Балдар биздин келечегибиз, карылыгыбыз. Ошондуктан, аларга жардам беришибиз керек.