Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:30

12-ИЮНДАГЫ ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР


1886-жылдын 12-июнунда орус бийлиги «Түркстан чөлкөмүн башкаруу туурасындагы» жобо кабыл алган. 1924-жылдын 12-июнунда Орто Азия республикаларынын улуттук-мамлекеттик бөлүнүшү туурасында токтом жарык көргөн.

1886-жылдын 12-июнунда орус бийлиги «Түркстан чөлкөмүн башкаруу туурасындагы» жобону кабыл алган. Жобого ылайык Түркстан чөлкөмү - Сырдарыя, Фергана, Самарканд областтарына бөлүнгөн. Областтар өз кезинде-уезд, шаардык, айылдык бийликтерге ажырап, алардын ар биринде сот бийлиги иштей баштаган. Мындан тышкары, ар бир бийлик баскычынын укук жана бийлик ыйгарымы белгиленген.

1917-жылдын бу күнү Түркстан чөлкөмүнүн мусулмандар Кеңешинин чогулушунда баардык шаар, уезддик, волосттук мусулмандар кеңешин бириктирүү туурасында чечим чыгарды. Мусулмандар кеңешинин мындай бүтүмгө келишине, алардын ар кимиси өз «көмөчүнө күл тартып» жалпы ишке кедерге келтириши себеп болгон. Чогулушка Түркстан чөлкөмүнүн мусулмандар Кеңешинин төрагасы Мустафа Чокаев жана катчы Ахмед Зеки Валиди катышкан.

1923-жылдын 12-июнунда РКП (б)нын Борбордук комитети улуттук республикалар жана област жетекчилери менен өткөргөн IV жыйыны соңуна чыкты.

1924-жылдын 12-июну Орто Азия калктарынын тарыхы үчүн маанилүү дата. Бу күнү РКП (б)нын Борбордук комитети «Орто Азия республикаларынын улуттук-мамлекеттик бөлүнүшү туурасында» токтом кабыл алган. Партия чечимине ылайык Орто Азиядагы улуттук мамлекеттик биримдиктер пайда болуп, кийин ал XX кылымдын соңундагы күңкорсуз өлкөлөрдүн жаралышына негиз болуп берди.

1938-жылдын бу күнү борбор калаанын эмен паркындагы сүрөт галереясында сүрөтчү Семен Чуйковдун биринчи чыгармачыл көргөзмөсү ачылды. Салтанаттуу ачылышта С. Чуйковдун «Кыргыз эне» атуу чыгармасы Түштүк Африка союзунун Йоганнесбург шаары тарабынан сатылып алынганы айтылды.

1990-жылдын бу күнү РСФСР Жогорку Совети мамлекеттик эгемендик жөнүндө декларация кабыл алды. РСФСРдин суверенитет туурасындагы декларациясы СССРдин мамлекет катары сакталышына түздөн-түз сокку уруп, кийин анын ыдырашына себепкер болгон.

Бу күнү, 1925-жылы АКШнын 41-президенти Жорж Буш, 1892-жылы жазуучу К. С. Паустовский, 1940-жылы кыргызстандык акын Сүйөркул Тургунбаев жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG