Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:24

Базаркоргондо өзбек улуттук маданий борборунун башчысынын жактоочулары нааразылыкка чыкты


ЖАЛАЛАБАТ. Базаркоргон райондук соту менен прокуратурасынын алдында турган 130 адам райондогу өзбек улуттук маданий борборунун башчысы Маматкадыр Карабаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүп, аны абактан бошотууну кечке дейре талап кылып турушту. Алар ал өзбек тилине расмий укук берүүнү талап кылган Жалалабаттагы митингди колдогондугу жана ага барууга элди үндөгөндүгү үчүн атайын заказ менен камалганын белгилешти. Райондук прокуратуранын маалыматы боюнча Маматкадыр Карабаевдин 6-июндан бери абакта жатышында саясий негиз жок. Ал алдамчылыгы, зөөкүрдүгү жана ири өлчөмдөгү байлыкты уурдагандыгы үчүн соттун токтому менен камалган.

XS
SM
MD
LG