Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:00

ОРУС-ГРУЗИН ЭЛДЕРИНИН ДОСТУГУНА ЭЧ КИМ ЖОЛТОО БОЛО АЛБАЙТ

Баян Жумакадыр кызы, Прага 13-июнда Санкт Петербург шаарында Россиянын президенти Владимир Путин менен Грузиянын мамлекет башчысы Михаил Саакашвилинин сүйлөшүүсү болот. Жолугушуу эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер начарлап кеткен убакта өткөнү жатат. Россияда Грузиянын шарабын жана Боржоми арашан суусун сатууга тыйуу салынды. Бул Грузиянын экономикасына эле зыян тийгизбестен, россиялык керектөөчүлөргө да залал келтирди. Көптөгөн россиялык жарандар Грузин маданияты сый-урматка ээ болгон советтик доорду жоктоп жатышканын жашырышпайт.

Грузин маданияты Россиялыктардын арасында дагы да болсо сый урматка ээ. Москвадагы көптөгөн Грузин ресторандарынын биринде туулган күнүн жоро-жолдоштору менен бирдикте белгилеп жаткан Мариа деген меймандарга жайылган дасторкондо грузин шарабы менен Боржоми арашаны гана жетишпей турганын баяндайт.

"Грузин шарабы менен маданиятын сагындык. Мен ушундай ресторандарга келип, Россияга келген Грузин музыканттарынын ырлары менен музыкасын укканды жакшы көрөм. Биз баарыбыз бир өлкөдө чоңойуп, молдаван, грузин жана украин музыкасы менен маданиятын сиңирип алганбыз. Биз үчүн бул мекенибиздин бир бөлүгү",- дейт Марина.

Март айында Россиянын өкмөтү грузин шарабынан уулуу заттар чыкты, деген айып менен ичкиликти сатууга тыйуу салган. Майдын орто ченинде болсо Боржоми жана Набеглави арашан сууларынын сапаты начар деген кине менен сатыктан алып салды. Бирок көптөгөн байкоочулар Москванын мындай чараларын Россиядан обочолонууга аракеттенген Грузияны касаптоо катары сыпатташууда.

Россия киргизген эмбарго грузин экономикасына олчойгон зыян келтирүүдө, анткени грузин продукциясынын эң чоң кардары деп эсептелген Россиянын рыногунан Грузия жылына 100 миллион доллар киреше алуучу.

"Огонек" аттуу жумалык журналдын баш редакторунун орун басары эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин сууктап кетишинин жоопкерчилигин бир эле өлкөгө жүктөөгө болбой турганын, бирок мындай акыбалдын түзүлүшүнө көбүн эсе Россия жоопкер экенин айтат.

"Албетте бир эле тарапты 100 процент күнөөлүү деп жарабайт. Бирок, менимче Россиянын жоопкерчилиги көбүрөөк. Абхазияда эмне болгонун, Грузияга караштуу Түштүк Осетиядагы окуяларды эстен чыгарбоо керек",- дейт журналист Агафонов.

Агафонов Россиянын кошуна өлкөнүн ички саясатына мындай кийлигишүүсүн Россиянын империалдык амбициялардан дагы да болсо бошоно албай жатканы менен чечмелейт.

"Россия Кавказды өз көзөмөлүндө кармап көнгөн. Бирок, азыр акыбал өзгөрүлүүдө, мындай обьективдүү көрүнүштү мойунга алуу үчүн чын ыклас чыккан ниет, а балким саясатчылардын жаңы мууну керектир. Азыр бийликте тургандар башка системада чоңойушкан ошон үчүн алар мурдагы позициясын жоготкулары келбейт",-деп кошумчалайт ал.

Ал эми жөнөкөй жарандар Россия менен Грузиянын ортосундагы саясатка анчейин маани бербегенин, убактылуу кайым айтыштардын эки өлкөнүн ортосундагы достукка кедерги боло албасына ишенишет.

"Бул жерде орустардыкы жэ грузиндердики туура деп кесе айтууга болбойт. Экономика менен менен саясат азыр баарына башчы. Жөнөкөй кишилер Грузияны, анын маданияты менен тамак-ашын мурдагыдай эле жакшы көрүшөт. Кылымдардан бери жашап келаткан достукка эч нерсе кедерги боло албайт", - дейт Нина аттуу аял.
Куржундар
XS
SM
MD
LG