Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:37

Жогорку Кеңеш Өзбекстандын Евразия экономикалык шериктештик уюмуна кошулушун жактады


БИШКЕК. Бүгүн парламент буга байланышкан протоколду жактырып бекитти. Тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов кошуна Өзбекстандын бул уюмга кошулушу көп тараптуу эле эмес, эки тараптуу мамилелердин жакшыруусуна да өбөлгө түзөөрүн белгиледи. Орусия, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан мүчөлүккө кирген аталган уюмга Өзбекстанды кошуу боюнча протоколго быйылкы жылдын январында Санкт-Петербургда кол коюлган.

XS
SM
MD
LG