Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:04

ЖЕР САЛЫГЫНЫН АЙЛАНАСЫНДАГЫ ТАЛАШ


Ушул жылдын башында Жетиөгүз райондук салык инспекциясы Кумтөр алтын кен ишканасын жер салыгын төлөбөгөндүгү үчүн сотко берген. Экономикалык иштер боюнча Бишкек райондор аралык соту компанияны жер салыгын төлөп берүүгө милдеттендирген. «Кумтөр» алтын кен компаниясы талаштуу маселе дагы бир такталганча сот чечимин токтото туруу өтүнүчү менен ошол эле сотко кайрылган эле. 13-июнда сот ишти кароого киришти.

"Кумтөр Оперейтинг компани" ишканасынын талаштуу маселе чечилгенче мурдагы сот чечимин аткарууну токтотуп туруу жөнүндөгү доо арызын кароо кызуу талаш-тартыш менен башталды.

Айтса-айтпаса мыйзамдык күчкө кирген экономикалык иштер боюнча Бишкек райондор аралык соттун төрайымы чыгарган чечимдин аткарылышын токтото туруу маселесин ошол эле соттун орунбасары өзү колго алып жатканына түшүнбөстүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Исабеков жыйын башталар алдында журналисттерге жарыя кылды.

- Мына 13 жылдан бери булар жер салыгын төлөбөй келген. Анан ушул Бишкек шаардык экономикалык маселелер боюнча райондор аралык соттун чечими чыккан. Анда «Кумтөр Оперейтинг компаниясынан» 44 миллион 591 миң сом өндүрүп берүү тууралуу Жетиөгүз райондук салык инспекциясынын доосу аткарылсын деп жазылган. Ал чечим күчүнө кирген. Себеби «Кумтөр Оперейтинг компаниясы» ага аппеляциялык арыз дагы жазган эмес. 20-апрелден баштап сот аткаруу барагын чыгарган. Толук материал азыр бул сотто жок экен. Канцеляриясынан бизге бир да кагаз көргөзө албай жатат.

«Кумтөр Оперейтинг компаниясы» баш-аягы 11 миң гектарга бир аз жете бербеген жерди ээлейт. Анын теңине жакыны жайыт, кыйласы аска-зоо, кум-шагыл баскан жер экенин «Кыргызгипрозем» илим-изилдөө институту кенди иштетүү баштала электе эле аныктап берген.

Кумтөр алтын кен компаниясынын укукчусу Валентин Чернышевдин айтуусунда, жер жөнүндөгү мыйзамда «ыңгайсыз жер» деген түшүнүк жок. Ошондон компания жайыт делген 4 миң ашуун гектир жердин ижара акысына деп 185 миң доллар акчаны алдын-ала Жетиөгүз районуна төлөп берген .

- Кумтөр алтын кен компаниясы жер салыгын эмес, жерди пайдалангандыгы үчүн ижара акысын жер баасына жараша төлөп келди. Биз бул жерде жергиликтүү элдин кызыкчылыгын коргодук. Себеп дегенде 1994-жылдан тарта жайыт жердин гектирине 3 сомдон төлөп 15 жыл деле жүрө берсек болмок. Анткен менен жыл сайын жер акысы өзгөрүлүп турат,- дейт компаниянын укукчусу Валентин Чернышев.

2000-жылга чейин компания жерди ижарага алганы үчүн жайыт жер акысын төлөп келсе, кийинчерээк Жетиөгүз райондук салык инспекциясы Кумтөр алтын кен компаниясынан жер салыгын доолай баштаган. Баш-аягы сегиз айга созулган райондук салык инспекциясы менен компаниянын ортосундагы талашты республикалык Салык инспекциясы жыйынтыктап, алтын кен компаниясы жер салыгын төлөбөй тургандыгын ырастаган. Бирок да эски талаш 2004-жылы кайрадан калкып чыккан.

- 2002-жылы Жогорку Кеңеш жер салыгынын өлчөмү тууралуу кабыл алган мыйзамдын 6-беренесинде айыл чарбага иштетилбеген жер салыгын бир чарчы метр жерге 56 тыйын деп белгилеген. Айыл чарбасына делбеген «ыңгайсыз» жердин өлчөмүн санай келгенде миллион чарчы метрге чыгат. Аны 56 тыйынга көбөйтүңүз. Ага дагы бир коэффициенттерди кошкондо миллиондогон сомдор чыга келет,- деп айтты Валентин Чернышев.

Бирок да бул пикир менен парламент депутаты Кубанычбек Исабеков макул эмес.

- Документтердин бардыгын караганда, мисалы 7-декабрда салык инспекциясы доо койгон. Булар доого жооп берген эмес.

Алтын кен компаниясы менен райондук салык инспекциясынын ортосундагы талаш эми минтип экинчи ирет экономикалык иштер боюнча Бишкек райондор аралык сотунун колуна тийип отурат. Анын жыйынтыгы кандай чыгарын алдын-ала болжош кыйын.

XS
SM
MD
LG