Шанхай кызматташтык уюмунун юбилейлик жыйынында он маанилүү документке кол коюлду. Анын арасында өтө маанилүү чечимдер катары уюмга мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын биргелешкен Декларациясын, терроризм менен экстремизмге катышы бар адамдарды аныктоо боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууну, терроризм менен экстремизмге каршы биргелешип күрөшүүнүн үч жылдык программасын атай кетсе болот.
Анын ишине мүчө өлкөлөрдөн сырткары Иран, Пакистан жана Монголиянын жетекчилери байкоочу, ал эми Ооганстан президенти конок катары катышты.Ирандын президенти Ахмадинежад анын өлкөсү ШКУ менен кызматташууга абдан кызыкдар экенин билдирди. Ушундай эле маанидеги ойду Пакистан менен Ооганстандын жетекчилери да айтышты.
Саммиттин тыянак декларациясында Бириккен Улуттар Уюмунун эл аралык саясаттын багытын аныктоодогу ролу жогору бааланып, анын кезектеги жетекчиси Азия аймагынан болушу зарылдыгы баса белгиленди. Бир күн мурда түзүлгөн экономикалык кеңеш жана банктар аралык бирикме уюмга кирген өлкөлөрдүн экономикалык кызматташтыгын чыңдоо боюнча бир катар долбоорлорду жар салды.
Уюмга төрагалык кылуу кезеги Кыргызстанга өттү. Кыргызстандын Президенти Курманбек Бакиев келерки саммитти 2007-жылы Кыргызстанда өткөрүүгө кыргыз тарап даяр экендигин расмий билдирди.