Шанхай саммити, Кытайдын төрагасы Ху Цзинтаонун баасында, уюмдун жаңы этапка өткөнүн билдирген жыйын болду. Жыйындын ачылышында Ху негизги үч проблеманы – терроризмди,сепаратизмди жана экстремизмди бөлүп көрсөтүп,аларды экономикалык өнүгүүнүн башкы каскагы деп атаган эле. Саммиттин жүрүшүндө уюмга кирген өлкөлөр дал ушул чөйрөлөрдөгү конкреттүү долбоорлорго байланыштуу макулдашууларга жетишти. Регионду жалпы күч-аракеттердин аркасында туруктуу өнүккөн жана стабилдүү аймакка айлантуу үчүн Кытай бардык чаралар менен көмөктөшөт, деп билдирди Цзинтао.
Кытай лидеринин пикирин орус президенти Владимир Путин бышыктады. Айрым өлкөлөрдүн жана регионалдык бирикмелердин уюмга көңүлү бурулуп жатканын Путин Шанхай шаркетинин Евразия мейкининдеги стабилдүүлүктүн жана коопсуздуктун фактору болуп калганы менен түшүндүрдү.
Казак президенти Нурсултан Назарбаев саммиттин тарыхый маанисин белгиледи. Шанхай уюму акырындап эл аралык саясаттын толук кемелдеги факторуна айланып баратканы коомутка толот, деп айтты Назарбаев. Өзбек президенти Ислам Каримов эки нерсени бөлүп көрсөттү. Биринчиден, Шанхай уюму баралына толду, эл аралык аброю өсүп баратат жана иш жүзүндө азыркы замандагы геосаясаттын маанилүү факторуна айланууда. Экинчиден, уюмдун мындан аркы чыңдалышына жакшы мүмкүнчүлүктөр бар.
Кыргыз президенти Курманбек Бакиев Шанхай шаркетин көп тараптуу уникалдуу уюм деп атап, региондогу өз ара пайдалуу соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташууну тереңдетүүдөгү анын келечегин жогору баалады. Уюмдун эмдиги жыйыны Бишкекте өтөт жана ага Кыргызстан төрагалык кылат.
Уюмга кирген алты өлкөнүн лидерлери саммиттин корутунду декларациясын кабыл алышты, бир катар башка документтерге кол коюшту. Алардын арасында уюмдун беш жылдыгына байланыштуу декларация, эл аралык маалымат коопсуздугу тууралуу билдирүү да бар.
Шанхай жыйынына байкоочу иретинде катышкан Пакистан президенти Первез Мушарраф жана конок катары чакырылган Ооганстан президенти Хамид Карзай саммитте терроризмге каршы күрөштү күчөтүү чаралары аныкталганын кубатташты. Мушарраф мындан тышкары эки тараптуу бир катар жолугушууларды өткөрүп, келечекте Пакистандын “шанхайчыларга” мүчө болуу мүмкүндүгүн да талкуулады.