Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:02

ЮРИСТТЕР, ЭКОНОМИСТТЕР ЖАНА ДАРЫГЕРЛЕРДИ ДАЯРДОО ТАЛАПКА ЖООП БЕРБЕЙТ


Билим берүү министрлигинин маалыматтары боюнча республикадагы жогорку окуу жайлардын көбүндө юристтерди, экономисттерди жана дарыгерлерди даярдоо деңгээли мамлекеттик стандарттарга жооп бербейт. Аталган министрликтин 2 айдан бери иштеп жаткан комиссиясы ушундай бүтүмгө келип жатат.

Аталган комиссиянын мүчөсү, юридика илимдеринин доктору Клара Исаеванын айтымында, 17 юридикалык окуу жай текшерүүдөн өткөн. Алардын кээ бирлери тиешелүү лицензиясы жок эле иштеп келишкен:

"Тилекке каршы, кээ бир жогорку окуу жайлар лицензиясы жок эле иштеп жатышыптыр. Айрымдарынын мөөнөтү бүтүп калган. Министрлик кээ бир окуу жайлардын лицензиясын кайра чакыртып алса да, алар ошого карабастан иш алып барып жатат. Атайын сертификаттары жок да окуу жайлар бар.Борборубуздагы эң алдыңкы деп саналган окуу жайлар эски стандарттар менен окутуп жатат. Мындан тышкары, студенттердин сабактарга катышуу журналын карадык. Бир да жолу сабакка келбеген студенттердин окуу документтерин карасак, “төрт” же “беш” деген баа турат",-деди Клара Исаева.

Ошондой эле айрым окуу жайларда окутуучу-профессордук жамаат жок, же болбосо алар талаптарга жооп бербейт. Студенттердин билим деңгээлинин төмөн болуп жатышына себептер ушул жакта жатат.

Комиссия акыркы жыйынтыкты июндун аягында гана чыгарат. Ошондуктан комиссиянын мүчөлөрү мамлекеттик стандарттарга жооп бербеген окуу жайларды толугу менен атагандан баш тартышты.
Бүгүнкү күндө республика боюнча отуз бир мамлекеттик, отуздан ашуун мамлекеттик эмес жогорку окуу жайлар жана эл аралык жогорку окуу жайлардын 48 филиалы бар.

Билим берүү министрлигинин маалыматына таянсак, бардык студенттердин саны 231 миңге чукул. Жалпы студенттердин 60 миңи экономикалык билим алат, ал эми юрист болом деген студенттердин саны 22 миңге жакын. Медицина тармагында билим алып жаткан студенттердин саны 8 миңге жетет. Комиссиянын мүчөсү, медицина илимдеринин доктору Ашырали Зурдинов республикадагы 9 медициналык окуу жайдын экөөсү гана министрлик коюп жаткан талаптарга жооп берет дейт:

"Учурда медициналык окуу жайлар көп. Менин оюмча, медицина боюнча адистерди бир же эки гана окуу жай даярдашы керек. Араңжан студент араң жан окуу жайга тапшырып, ал жерден албетте билими төмөн адис чыгат. Жогорку окуу жайлардын мына ушундай сапатсыз билим берип жаткандыгынын бирден бир себеби – деңгээли төмөн окуу жайларга билим берүү министрлиги улам- улам эле лицензия берип келгендигинен болду",- дейт Ашырали Зурдинов.

Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министринин орун басары Каныбек Осмоналиев лицензиясы жок иш алып барып жаткан окуу жайлардын жетекчилери жоопко тартылаарын билдирди:

"Мисалы жакында эле Жалалабаттагы техникалык университет жабылды. Жогорку окуу жайлардын билим берүү сапатын көтөрүү үчүн биз радикалдуу чараларды көрүүгө даярбыз",- дейт Каныбек Осмоналиев.

Министрликтин окуу жайлардын санын эмес, сапатын жакшыртууга багытталган мындай иш чарасын университеттердин мугалимдери кандай кабыл алышты?

Арабаев атындагы университеттин мугалимдери өз пикирлерин ачык айтуудан баш тартышты. Бирок, окуу жайларды кыскартууга багытталган мындай кадамды алар “кимдир бирөөнүн бизнеси”, “жеке кызыкчылыгы” үчүн жасалып жатат деп баалашты.

Билим берүү сапаты талапка жооп бербеген окуу жайлардын мындан кийинки тагдыры комиссиянын чыгарган жыйынтыгына байланыштуу болмокчу.
XS
SM
MD
LG